Загрузка документа…
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-мартындагы № 152 токтомуна) |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү
эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү эрежелери (мындан ары – Эрежелер):
– баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди (мындан ары – контролдонуучу заттар) иштеп чыгуу, өндүрүү, даярдоо, кайра иштетүү, ташып киргизүү, ташып чыгаруу, транзит менен өткөрүү, ташуу, жиберүү, сатып алуу, сактоо, бөлүштүрүү, сатуу, берүү, соода жүргүзүү, жок кылуу, аларды медициналык, ветеринардык, илимий (анын ичинде окутуу) максаттарында, ошондой эле соттук-эксперттик иште пайдалануу тартибин жөнгө салат;
– сактоо, андан ары пайдалануу жана жок кылуу маселелеринен тышкары, ыкчам-издөө, контрчалгындоо, кылмыш-жаза процессуалдык иштин алкагында жүзөгө ашырылуучу контролдонуучу заттардын мыйзамдуу жүгүртүүсүнө карата колдонулбайт;
– атайын кампа запастарын түзүү жана пайдалануу тартибине колдонулбайт.
Контролдонуучу заттарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик контролду баңгизат каражаттарын, психотроптук заттардын жана алардын прекурсорлорунун мыйзамдуу жүгүртүүсүн контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган) жүзөгө ашырат.
2. Контролдонуучу заттардын жүгүртүүсүнө мамлекеттик контролдун негизги формалары болуп төмөнкүлөр саналат:
– квота берүү;
– лицензиялоо;
– лицензиялык контроль;
– эсепке алуу;
– отчет берүү;