Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 26-марты № 152
Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө
“Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесинин 3-бөлүгүн аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун жана прекурсорлорун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдерди мыйзамдуу жүгүртүү эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
2) Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун, ошондой эле аларды камтыган тирүү организмдердин тизмеги 2-тиркемеге ылайык;
3) баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттардын жана алардын аналогдорунун өлчөмдөрүн аныктоо критерийлери жана алардын өлчөмдөрү 3-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-октябрындагы № 753 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы № 466 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психикага таасир этүүчү заттарды, прекурсорлорду жүгүртүүгө мамлекеттик контролду ишке ашыруунун эрежесин бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-сентябрындагы № 558 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 543 “Кыргыз Республикасында контролдонууга тийиш болгон баңги каражаттары, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө” токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” токтому;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 18-февралдагы № 54 “Кыргыз Республикасында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду эсепке алуу, сактоо жана колдонуу тартиби жөнүндө” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-январдагы № 22 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомунун 5-пункту;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрдагы № 555 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтому;