Редакцияот 02.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

 2025-жылдын 2-апрели № 174

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасына келип түшкөн гуманитардык жардамды сарамжалдуу жана максаттуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 "Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жободо:

- 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"гуманитардык жардам - мамлекеттер, уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж болгон жеке адамдарга калктын жашоо жана турмуш шарттарын, эс алуу, маданий агартуу жана физикалык ден соолугун жакшыртуу, ошондой эле жаратылыш, биология-социалдык, чыр-чатак, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн азык-түлүк, техника, шаймандар, жабдуулар, медициналык каражаттар жана дары-дармектер, башка мүлк түрүндө аларды андан ары керектөө жана (же) акысыз бөлүштүрүү, ошондой эле калктын муктаждыктарын канааттандыруу шартында акысыз берилүүчү активдер;".

2. Бул токтом жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев