Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-февралындагы № 43 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасында гуманитардык жардамды кабыл алуу жана
бөлүштүрүү тартиби жөнүндөгү жобо
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 251, 2020-жылдын 24-августундагы № 433, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 30-апрелиндеги № 215, 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 174 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул жобо Кыргыз Республикасына келип түшүүчү гуманитардык жардамды кабыл алуу, эсепке алуу жана бөлүштүрүү тартибинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт. Гуманитардык жардам алуучу юридикалык жана жеке жактар, эл аралык уюмдар, алардын филиалдары жана өкүлчүлүктөрү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин актыларын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин, Кыргыз Республикасы катышуучу болгон, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген гуманитардык жардам жөнүндөгү эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алышат.
2. Мамлекеттик материалдык резервди башкарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга келип түшкөн гуманитардык жардамды кошпогондо, гуманитардык жардамдарды кабыл алуу тартибин жана бөлүштүрүүнү эсепке алууну координациялоону Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат.
21. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын, улуттук коопсуздук органдарынын жана тиешелүү чектөө грифи бар башка аскердик түзүлүштөрдүн дарегине келип түшүүчү жардамды кошпогондо, эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан жүктүн гуманитардык мүнөзү жөнүндө корутундуну алган гуманитардык жардамды алуучуларды каттоо Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык системасында (СЖКМС) жүргүзүлөт жана алар алган гуманитардык жардам тууралуу маалымат Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий сайтына жайгаштырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 251 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ушул Жободо төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
гуманитардык жардам - мамлекеттер, уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына, мамлекеттик жана коммерциялык эмес уюмдарга, ошондой эле муктаж болгон жеке адамдарга калктын жашоо жана турмуш шарттарын, эс алуу, маданий агартуу жана физикалык ден соолугун жакшыртуу, ошондой эле жаратылыш, биология-социалдык, чыр-чатак, экологиялык жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу үчүн азык-түлүк, техника, шаймандар, жабдуулар, медициналык каражаттар жана дары-дармектер, башка мүлк түрүндө аларды андан ары керектөө жана (же) акысыз бөлүштүрүү, ошондой эле калктын муктаждыктарын канааттандыруу шартында акысыз берилүүчү активдер;
гуманитардык жардамды жиберүүчү (донор) - чет мамлекеттер, алардын органдары, чет өлкөлүк уюмдар жана мекемелер, чет өлкөлүк жарандар (жеке адамдар) жана эл аралык уюмдар;
алуучу - дарегине келген гуманитардык жардамды андан ары бөлүштүргөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик, коммерциялык эмес уюмдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын муктаж болгон жеке адамдары, эл аралык донор уюмдар жана алардын өкүлчүлүктөрү жана филиалдары;
керектөөчү - гуманитардык жардамды түздөн түз пайдалануучулар болуп саналган Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактары.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-апрелиндеги № 174 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын аймагына келип түшкөн гуманитардык жардам керектөөчүгө берилгенге чейин донордун менчиги болуп эсептелет.
5. Гуманитардык жардамга карата бажы операциялары Евразия экономикалык бирлигинин бажы мыйзамдары жана Кыргыз Республикасынын бажы иштери чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталган тартипте жүргүзүлөт.
6. Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүчү гуманитардык мүнөздөгү жүктөр, ошондой эле гуманитардык жүктөрдү жеткирүүчү транспорт каражаттары товарды чыгарууга байланышкан аракеттер үчүн салык төлөөдөн, бажы алымдарынан жана жыйымдарынан бошотулат.
Гуманитардык жардамды (толук же жарым-жартылай) сатууга, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин өзүнчө чечими менен аныкталуучу учурларды кошпогондо, тыюу салынат. Мамлекеттик материалдык резервди башкарууну ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга максаттуу багытта келип түшкөн гуманитардык жардам "Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат.