Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ

 

2025-жылдын 10-апрели ПЖ № 124

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 177 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишин өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70, 71-беренелерине ылайык токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 31-январындагы № 17 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин бекитүү жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде:

- I бөлүмдүн 1-главасынын алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"Коопсуздук кеңешинин катчысы, Президенттин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү, Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү".

2. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 22-февралындагы № 34 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын түзүмү жана штаттык саны жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 8-декабрындагы  №  336  "Кыргыз  Республикасынын  Президентинин Администрациясынын ишинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) (КР Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 177 Жарлыгына ылайык күчүн жоготту)

2) жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын штаттык санына ушул Жарлыктын 2-тиркемесине ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.

(КР Президентинин 2025-жылдын 5-июнундагы ПЖ № 177 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы № 160 "Кыргыз Республикасынын Президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү жөнүндө" Жарлыгы;

2) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-февралындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин айрым жарлыктарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Жарлыгынын 2-пунктунун 1-пунктчасы.

5. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.