Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2017-жылдын 31-январы ПЖ № 17
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестрин
бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 9-февралындагы ПЖ № 21 2018-жылдын 28-июнундагы ПЖ № 145, 2018-жылдын 30-октябрындагы ПЖ № 218, 2019-жылдын 6-декабрындагы ПЖ № 168 , 2020-жылдын 12-февралындагы ПЖ №36, 2021-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 85, 2021-жылдын 7-майындагы ПЖ № 135, 2021-жылдын 3-июнундагы ПЖ № 249, 2021-жылдын 7-июнундагы ПЖ № 257, 18-октябрындагы ПЖ № 465, 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 476, 2021-жылдын 22-октябрындагы ПЖ № 477, 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 588, 2022-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 64, 2022-жылдын 30-августундагы ПЖ N 297, 2022-жылдын 5-ноябрындагы ПЖ N 366, 2022-жылдын 21-ноябрындагы ПЖ N 378, 2023-жылдын 13-январындагы ПЖ № 4, 2023-жылдын 22-февралындагы ПЖ № 34, 2023-жылдын 22-майындагы ПЖ № 130, 2023-жылдын 15-сентябрындагы ПЖ N 237, 2023-жылдын 29-ноябрындагы ПЖ № 325, 2023-жылдын 7-декабрындагы ПЖ № 333, 2023-жылдын 8-декабрындагы ПЖ № 336, 2024-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 23 , 2024-жылдын 26-февралындагы ПЖ № 37, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 50, 2024-жылдын 1-мартындагы ПЖ № 52, 2024-жылдын 21-июнундагы ПЖ № 164, 2024-жылдын 15-июлундагы ПЖ № 190, 2024-жылдын 19-июлундагы ПЖ № 192 , 2024-жылдын 16-сентябрындагы ПЖ № 264, 2024-жылдын 4-октябрындагы ПЖ № 284 , 2024-жылдын 9-октябрындагы ПЖ № 289, 2024-жылдын 2-декабрындагы ПЖ № 336, 2024-жылдын 19-декабрындагы ПЖ N 379, 2025-жылдын 21-январындагы ПЖ № 10, 2025-жылдын 17-февралындагы ПЖ № 50, 2025-жылдын 17-мартындагы ПЖ № 93, 2025-жылдын 10-апрелиндеги ПЖ № 124, 2025-жылдын 18-апрелиндеги ПЖ № 131, 2025-жылдын 22-майындагы ПЖ № 163 , 2025-жылдын 16-июлундагы ПЖ № 208, 2025-жылдын 27-октябрындагы ПЖ № 299, 2025-жылдын 7-ноябрындагы № 304, 2025-жылдын 12-декабрындагы № 359, 2025-жылдын 16-декабрындагы № 365, 2026-жылдын 26-январындагы № 12 , 2026-жылдын 31-январындагы №25, 2026-жылдын 5-февралындагы № 29, 2026-жылдын 4-мартындагы № 103 , 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 139 , 2026-жылдын 21-апрелиндеги № 146, 2026-жылдын 28-майындагы № 186,
2026-жылдын 15-июнундагы № 210, 2026-жылдын 17-июнундагы № 220, 2026-жылдын 17-августундагы № 295, 2026-жылдын 21-сентябрындагы № 333 Жарлыктарынын редакцияларына ылайык)
"Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ошондой эле мамлекеттик башкарууну оптималдаштыруу жана мамлекеттик кадр саясатынын натыйжалуулугун көтөрүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестри ушул Жарлыктын тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- административдик мамлекеттик жана административдик муниципалдык кызмат орундарынын категориясы болуп мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар ээлеген, кызматтык ыйгарым укуктардын көлөмүн жана мүнөзүн чагылдырган административдик кызмат орундарынын жыйындысынын классификациялык мүнөздөмөсү саналат. Административдик кызмат орундарынын жогорку, башкы, улук, кенже топтору Ж-А, Ж-Б, Б-А, Б-Б, У-А, У-Б, К-А, К-Б категорияларына бөлүнөт;
- ушул Жарлыкты ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт;
- айрым административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындоо дайындалуучу адам мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген квалификациялык жана башка талаптарга шайкеш келген шартта жүзөгө ашырылат;
- министрликтердин борбордук аппараттарындагы бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте министрликтин борбордук аппаратынын белгиленген штаттык санынын он пайызынан ашпаган өлчөмдө ээлөө министрликтин тиешелүү иш чөйрөсүндө реформаларды иштеп чыгууну жана натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу максатында жүзөгө ашырылат.
(КР Президентинин 2026-жылдын 9-апрелиндеги № 139 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Мамлекеттик же муниципалдык кызматтын кызмат орундарынын кош аталышына төмөнкү учурларда жол берилет:
- эгерде мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары ошол мамлекеттик органдын ведомстволук же түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси болуп эсептелсе;
- эгерде кызмат ордун ээлеген адамга контролдук функцияларды аткаруу жүктөлсө, кызмат ордунун аталышында иш чөйрөсү көрсөтүлөт.
- эгерде сот системасынын аппаратынын жетекчисинин орун басары сот системасынын аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси болуп эсептелсе.