Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-апрели № 176
“1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы
Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалы жөнүндө
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин 2024-жылдын 9-сентябрындагы “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалын уюштуруу жөнүндө” Чечимин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалы менен сыйлоо тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалынын сыпаттамасы 2-тиркемеге ылайык;
3) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалынын сүрөтү 3-тиркемеге ылайык.
2. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине каралган каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
1) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалдарын даярдоо боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
2) аталган юбилейлик медалдарды салтанаттуу кырдаалда тапшыруу боюнча тиешелүү иш-чараларды уюштурсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
2-тиркеме
“1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы
Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалынын
сыпаттамасы
1. “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” юбилейлик медалы алтын түстүү металлдан жасалат жана 32 мм диаметриндеги тегерек формага ээ.
2. Медалдын алдынкы бетинде – Рейхстаг имаратына Жеңиш Туусун сайып жаткан 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги талаа аскер кийим формасын кийген жеңишке жеткен жоокердин фигурасын чагылдырган композиция. Жеңиш Туусу кызыл эмаль менен жалатылган. Медалдын сол жагында жана ортосунда – салют чагылдырган. Медалдын үстүнкү жагында – “1945” жана “2025” деген цифралар биринин алдында бири жайгашып жана горизонталдык чийин менен бөлүнүп турат. Медалдын төмөн жагында айланта эки лавр бутагынын жана анын түбүндө жайгашкан кырдалган беш учтуу жылдыздын сүрөтү тартылган.
3. Медалдын арткы бетинин ортосунда “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” жазуусу бар. Жазуу лавр гүлчамбары менен курчалган, анын түбүндө Ата Мекендик согуштун I даражадагы орденинин сүрөтү жайгашкан.
4. Медалдын четтери кыркар менен кыюуланган. Медалдагы бардык сүрөттөр, жазуулар жана сандар рельефтүү.
5. Медаль кулакча жана шакекченин жардамы менен туурасы 24 мм кызыл түстөгү муарлуу жибек тасма оролгон беш учтуу калыпка бекитилген.
Тасманын ортосунда алтын түстөгү эки сызык жана кыргыз орнаменти жайгашкан. Сызыктын туурасы 2 мм, алардын ортосундагы аралык 2 мм, оюунун (сайма түрүндө) туурасы 8 мм. Оң кырынан оюунун башталышына чейинки аралык – 3,5 мм, сол кырынан алтын түстөгү биринчи сызыкка чейинки аралык – 3,5 мм. Сызыктар менен оюунун ортосундагы аралык – 3 мм.
|
| 3-тиркеме
|
“1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы
Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалынын