Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-апрелиндеги № 176 токтомуна) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалы менен сыйлоо тартиби жөнүндө 1. “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” бирдиктүү юбилейлик медалы менен сыйлоо тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” юбилейлик медалын тапшыруу тартибин аныктайт. 2. “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 80 жыл” юбилейлик медалы (мындан ары – юбилейлик медаль) төмөнкүлөргө тапшырылат: – Улуу Ата Мекендик согуштун майдандарындагы күжүрмөн аракеттерге СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн катарында катышкан аскер кызматчыларына жана эркин жалданган курамдагы адамдарга, СССРдин убактылуу оккупацияланган аймактарында Улуу Ата Мекендик согуш (мындан ары – УАМС) мезгилинде аракеттеги партизандарга жана жашыруун уюмдардын мүчөлөрүнө, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде СССРдин Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөгөн аскер кызматчыларга жана эркин жалданган курамдагы адамдарга; – Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фашисттер жана алардын союздаштары тарабынан түзүлгөн концлагерлердин, геттонун жана башка мажбурлап кармоочу жайлардын мурдагы туткундарына, анын ичинде жашы жетпегендерге; – “За оборону Ленинграда” медалы жана “Жителю блокадного Ленинграда” белгиси менен сыйлангандарга; – УАМС жылдары ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйлангандарга; – УАМС жылдары жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз күч колдонуп мобилизациялоого дуушар болгон жана кийин реабилитацияланган жарандарга. 3. Юбилейлик медаль көкүрөктүн сол жагына тагылат жана “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл” юбилейлик медалынан кийин жайгаштырылат. 4. Юбилейлик медалды тапшыруу Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын коргоо министри же аскер комиссарлары тарабынан юбилейлик медаль менен сыйлануучу жарандардын аскердик каттоо жери жана тизмеси боюнча ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жүргүзүлөт. Медаль менен кошо сыйлануучуларга ага белгиленген формадагы күбөлүк тапшырылат. Медаль менен сыйлануучу жарандардын тизмеси жашаган жери боюнча түзүлөт, ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча аларды түзүүгө жооптуу кызмат адамдары тарабынан кол коюлат. Сыйлангандардын тизмесинде медалды тапшыруу жөнүндө, медалга күбөлүктүн номерин көрсөтүү менен тиешелүү жазуу жазылат жана аскер комиссарынын колу менен күбөлөндүрүлөт. Медаль менен сыйлануучулардын тизмесин түзүү үчүн негиз болуп сыйланууга укугун тастыктоочу төмөнкү документтер эсептелет: |