Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН VII СЕССИЯСЫ
(VI ЧАКЫРЫЛЫШ)
2025-жылдын 16-апрели № 29
Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча
эсептөө тартибин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Ош шаарынын мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы Казыбай уулу Мирландын Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалануу үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартибин жана Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2025-жылдын 25-мартындагы №19 чечимин эске алып, Ош шаардык Кеңеши токтом кылат:
1.Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акысын аныктоо боюнча эсептөө тартиби 1-тиркемеге ылайык, Ош шаары боюнча экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасы 2-тиркемеге ылайык бекитилсин (1-2-тиркемелер тиркелет).
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
-Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтому;
-Ош шаардык Кеңешинин 2022-жылдын 15-ноябрындагы №83 “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” №212 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому;
-Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 14-февралындагы №116 “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы №212 “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому;
-Ош шаардык Кеңешинин 2023-жылдын 20-июнундагы №149 “Ош шаардык Кеңешинин 2019-жылдын 25-декабрындагы “Ош шаарындагы муниципалдык жерлерди (жер тилкелерин) пайдалангандыгы үчүн ижара акыларын аныктоо боюнча эсептөөлөрдү жана экономикалык пландаштыруу зоналарынын картасын бекитүү жөнүндө” №212 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому.
3.Токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын жана жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
4.Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Бакир уулу Ш.) жүктөлсүн.
Төрага: | Б.Т. Баетов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2025-жылдын 16-апрелиндеги VII сессиясынын № 29 токтомуна 1-тиркеме |
Бул эсептөө тартиби, Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын “Ош шаарынын статусу жөнүндө” Мыйзамынын жана ижара мамилелерин аныктоочу башка нормативдик актылардын негизинде, жер участокторунун ижара келишимдери боюнча ижара акыларын аныктайт.
Апз = Н х S х К1 х К2 –бир айлык ижара акысы;
Н- Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык жер салыгынын ставкасы;
S - жер тилкесинин аянты, чарчы метр;
К1 - функционалдык багыттардын коэффициенти;
К2 – экономикалык пландаштыруу зонасы;
Функционалдык багыттардын коэффициенти (К1):
- карьерлер: 1 чарчы метрден 10 000 чарчы метрге чейин – 1,0.
10 001 чарчы метрден 30 000 чарчы метрге чейин – 0,8.
30 001 чарчы метрден 60 000 чарчы метрге чейин – 0,6.
60 001 чарчы метрден жогорусу – 0,4.
- өнөр жай, тоо-кен ишканалары – 3.
- балдар ойноочу аянтчалар – 4.
- кампа, кампа ишканалары, көлөкөлөтүүчү навестер (бастырма), футбол жана муз аянтчалары – 5.
- бассейн (камтыган курулуштары жана аянты менен) – 6.
- меймандык (гостевой) автоунаа токтоочу жайлар аянтына жараша (таблица 1):
Таблица № 1