Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 12-марты № 156-т
Мамлекеттик программаларды жеңилдетилген кредиттөө долбоорлорун ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, агрардык секторго мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы № 120-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 3-пунктча менен толукталсын:
"3) "Пайыздык ставкаларды субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору 3-тиркемеге ылайык.";
2) 2-пунктта:
- 1, 3-пунктчаларындагы "РСК банк" деген сөздөр "Элдик банк" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7-пунктчасы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"7) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте "Айыл Банк" ААКка 2024-жылга республикалык бюджеттин каражаттарынан "Пайыздык ставкаларды субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруу үчүн пайыздык ставкаларды субсидиялоого 125700000 (жүз жыйырма беш миллион жети жүз миң) сом бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда 2-транш жана тиешелүү жылдардагы кийинки транштар үчүн пайыздык ставкаларды/ислам каржылоо принциптери боюнча кошмо бааларды (мындан ары - пайыздык ставкалар) субсидиялоо үчүн каражаттарды ушул тескеменин 2-тиркемесине ылайык карасын;
- "Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда 3-тиркеме менен бекитилген "Капиталдаштыруу механизмин киргизүү жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун ишке ашыруу максатында пайыздык ставкаларды капиталдаштыруу үчүн 444400000 (төрт жүз кырк төрт миллион төрт жүз миң) сомду, анын ичинде "Айыл Банк" ААКка 222200000 (эки жүз жыйырма эки миллион эки жүз миң) сом жана "Элдик Банк" ААКка 222200000 (эки жүз жыйырма эки миллион эки жүз миң) сом карасын.";
3) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
- 1-пунктундагы "тоок жумурткасы" деген сөздөр "тоок жумурткасы жана эти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 33-пунктундагы "жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" деген сөздөр алып салынсын;
- 34-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
4) ушул тескеменин тиркемесине ылайык редакциядагы 3-тиркеме менен толукталсын.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
|
|
|
|
"Пайыздык ставкаларды субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору
1-глава. Долбоорду ишке ашыруунун сыпаттамасы
1. "Пайыздык ставкаларды субсидиялоо механизмин ишке ашыруу жолу менен агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун (мындан ары - Долбоор) ишке ашыруунун алкагында 2025-жылдын ичинде "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун (мындан ары - ААК) жана "Элдик Банк" ААКтын финансы каражаттары айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүнө, агроөнөр жай ишканаларына, экспортко багытталган ишканаларга жана субконтракторлорго берилет.
2. "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК кредиттерди берүүнү жана ислам принциптерине ылайык каржылоону (мындан ары - кредит) ислам каржылоо принциптери боюнча жеңилдетилген пайыздык ставкалар/кошмо баалар (мындан ары - пайыздык ставкалар) боюнча 2000000000,0 (эки миллиард) сом суммасында камсыз кылууга тийиш.
3. "Айыл Банк" ААКка жана "Элдик Банк" ААКка өз чыгашаларынын эсебинен Долбоордо көрсөтүлгөндөн кыйла узагыраак жеңилдетилген мөөнөттү белгилөөгө уруксат берилет.
4. Коммерциялык банктар Долбоордун шарттарын жана талаптарын так сактоого жоопкерчилик тартышат.
5. Долбоордун алкагындагы капиталдаштырууну алуу үчүн "Айыл Банк" ААК жана "Элдик Банк" ААК Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн жылдагы кредиттөөнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүп, капиталдаштырууга өтүнмөнү тапшырууга милдеттүү.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги капиталдаштыруу суммасын эсептөө коэффициенттерине ылайык аныктайт жана "Айыл Банк" ААКка жана "Элдик Банк" ААКка капиталдаштыруу траншын которуу үчүн тиешелүү жылга финансылык планды даярдайт.
7. Капиталдаштыруу суммалары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан "Айыл Банк" ААКка жана "Элдик Банк" ААКка Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин тиешелүү ички актыларына ылайык тиешелүү жыл аяктаганга чейин которулат.