Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫК САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2025-жылдын 12-майы № 477
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы тарабынан медициналык кызмат көрсөтүү жаатында көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 2 пунктунун ишке ашыруу максатында, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтому менен бекитилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине киргизилген, медициналык кызматтарды көрсөтүү жаатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы менен көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөнкү стандарттары бекитилсин:
1) бул буйруктун 1-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароолорду жана дарылоо иш-чараларын, суу процедураларын жүргүзүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 28-пункту);
2) бул буйруктун 2-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке амбулаториялык деңгээлде консультациялык-диагностикалык жардам көрсөтүү, медициналык кароолорду жана дарылоо иш-чараларын жүргүзүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 29-пункту);
3) бул буйруктун 3-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке адистештирилген стационарларда медициналык жардам көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 30-пункту);
4) бул буйруктун 4-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке адистештирилген стационарларда медициналык жардам көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 31-пункту);
5) бул буйруктун 5-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүн көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 32-пункту);
6) бул буйруктун 6-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке медициналык жардамдын жогорку технологиялык түрлөрүн көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 33-пункту);
7) бул буйруктун 7-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 34-пункту);
8) бул буйруктун 8-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке реабилитациялык медициналык жардам көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 35-пункту);
9) бул буйруктун 9-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке стоматологиялык жардам көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 36-пункту);
10) бул буйруктун 10-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке стоматологиялык жардам көрсөтүү (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 37-пункту);
11) бул буйруктун 11-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке стоматологиялык жардам көрсөтүү (кымбат жана жаңы муундагы препараттар жана медикаменттер) (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 38-пункту);
12) бул буйруктун 12-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине кирбеген, ага бекитилбеген контингентке тиешелүү бейтапты ооруканага жеткирүү, шашылыш көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташуу (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 39-пункту);
13) бул буйруктун 13-тиркемесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын мамлекеттик мекемелеринде медициналык жактан тейлене турган кызмат орундарынын жана адамдардын тизмегине ылайык ага бекитилген контингентке тиешелүү бейтапты ооруканага жеткирүү, шашылыш көрсөткүчтөр боюнча бир ооруканадан экинчиге ташуу (КРПИБдин тиешелүү мамлекеттик мекемеси жайгашкан калктуу конуштун чегинде) (мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү Реестринин 2-главасынын 40-пункту);
2. Бул буйрук катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичиндеМЖУжанаДСБнын жетекчиси (Ибраева Н.С.):
1) анын Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин расмий сайтында расмий жарыяланышын камсыз кылсын;
2) расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде бул буйруктун кагаз жана электрондук көчүрмөлөрүн алып жүрүүчүлөргө аталган ченемдик укуктук актыны жарыялоо булагын көрсөтүү менен Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, жана маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары К.К. Байдавлетовго жүктөлсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумушчу күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.