Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майындагы № 249 токтомуна)
Коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын бааларын жөнгө салуунун УБАКТЫЛУУ ЭРЕЖЕЛЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын баасын жөнгө салуунун убактылуу эрежелери (мындан ары - Убактылуу эрежелер) коронардык стенттердин жана аларга чыгымдалуучу материалдардын (мындан ары - коронардык стенттер) бааларын жөнгө салуу тартибин белгилейт.
2. Бул Убактылуу эрежелерде төмөнкүдөй негизги терминдер жана түшүнүктөр колдонулат:
1) базалык баа - чектүү бааны эсептөө үчүн негиз катары алынган медициналык буюмдун улуттук валютадагы баасы;
2) арыз ээси - ыйгарым укуктуу органга медициналык буюмдун баасын каттоо үчүн арыз менен кайрылган өндүрүүчү же анын ыйгарым укуктуу өкүлү;
3) мониторинг - медициналык буюмдардын баасынын өзгөрүшүнө андан ары талдоо жүргүзүү жана баалоо үчүн ыйгарым укуктуу орган тарабынан байкоо жүргүзүү, маалымат чогултуу, фиксациялоо процесси;
4) медициналык буюмдардын топтому (комплекти) - көрсөтүлгөн медициналык буюмдардын тизмесин көрсөтүү менен бирдиктүү дайындоосу жана маркалоосу бар медициналык буюмдардын жыйындысы;
5) "Дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын электрондук маалымат базасы" маалыматтык системасы (мындан ары - ЭМБ МС) - дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды каттоо, каттоосун тастыктоо, өзгөртүүлөрдү киргизүү, сапатын жана коопсуздугун баалоо, кыймылын эсепке алуу жөнүндө маалыматты камтыган маалыматтык система;
6) чектүү баа - медициналык буюмдун базалык баасына акчалай түрдөгү кошумча наркты эсептөө менен аныкталуучу медициналык буюмга катталган эң жогорку жол берилген баа;
7) жеткирүүнүн орточо салмактанган баасы - ташып киргизүү көлөмүн эсепке алуу менен белгилүү бир мезгилге орточо жеткирүү баасы;
8) ыйгарым укуктуу орган - саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүн жөнгө салуу боюнча ведомстволук бөлүмү;
9) Кыргыз Республикасына медициналык буюмду жеткирүүнүн баасы (мындан ары - жеткирүү баасы) - базалык бааны каттоо жол-жобосун жүргүзүү үчүн колдонулган эсеп-фактураларда же товардын коштомо кагаздарында көрсөтүлгөн медициналык буюмдун баасы;
10) медициналык буюмдардын бааларынын электрондук каталогу (мындан ары - баалардын каталогу) - катталган базасы жана чектүү баалар жөнүндө маалыматтын булагы болуп саналган электрондук документ.
3. Бааны жөнгө салуу коронардык стенттердин толук аталышы боюнча жүргүзүлөт.
4. Эгерде коронардык стенттер топтому менен ташып киргизилсе - чектүү баа бир комплект үчүн, ал эми коронардык стенттер өз өзүнчө ташылып келсе - чектүү баа ар бир медициналык буюм үчүн белгиленет.
5. Ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган коронардык стенттердин чектүү баасы Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында колдонулат жана фармацевтикалык иштин бардык субъекттери үчүн милдеттүү болуп саналат.
6. Ушул Убактылуу эрежелерде белгиленген тартипте баасын каттабастан коронардык стенттерди сатууга тыюу салынат.
7. Кызматына, ээлеген ордуна же милдеттерин аткарууга байланыштуу медициналык буюмдарга бааларды каттоонун жол жобосуна байланыштуу купуя маалыматка жана/же коммерциялык сырга ээ болгон адамдар купуя маалыматты жана/же коммерциялык сырды коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого милдеттүү.
8. Коронардык стенттерди сатуу менен алектенген фармацевтикалык уюмдар катталган чектүү бааларды сактоого милдеттүү.
9. Ушул Убактылуу эрежелердин талаптарын аткарбаган учурда медициналык буюмдарды сатууну жүзөгө ашыруучу фармацевтикалык уюмдар Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.
10. Ыйгарым укуктуу органдын бааларды мамлекеттик каттоодон баш тартуусуна арыз ээси тарабынан коомдук-укуктук мамилелер чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык даттанылышы мүмкүн.
2-глава. Коронардык стенттердин баасын жөнгө салуу. Бааны каттоо тууралуу арыздарды кабыл алуу
11. Коронардык стенттердин баасын жөнгө салуу төмөнкү этаптарды камтыйт:
1) каттоо жөнүндө арызды кабыл алуу/бааларга өзгөртүүлөрдү киргизүү;
2) базалык бааны эсептөө;
3) чектүү бааны эсептөө;
4) базалык, чектүү бааны каттоо;
5) катталган базалык жана чектүү бааларды баалардын каталогуна киргизүү;
6) коронардык стенттердин катталган баасына өзгөртүүлөрдү киргизүү.
12. Кыргыз Республикасынын аймагында коронардык стенттердин баасын каттоо үчүн арыз ээси ушул Убактылуу эрежелердин 1-тиркемесине ылайык ыйгарым укуктуу органга арыз берет.
Арызга төмөнкүлөр тиркелет:
1) арыз ээсинин-өкүлүнүн бааларды каттоого ыйгарым укуктарын ырастоочу ишеним каттын көчүрмөсү;
2) завод-өндүрүүчүдөн коронардык стенттерди сатып алуу тууралуу келишимдин көчүрмөсү;
3) товарды коштоочу документтердин, бардык эсеп-фактуралардын же товардык коштомо кагаздардын, ошондой эле акыркы 6 ай ичиндеги коронардык стенттер боюнча товарларга декларациялардын көчүрмөлөрү;
4) ушул Убактылуу эрежелердин 3-тиркемесине ылайык формада орточо салмактанып алынган бааны эсептөө менен акыркы 6 ай үчүн жеткирип берүүлөрдүн баалары жөнүндө маалымат.
Акыркы 6 айдын ичинде иш жүзүндө жеткирип берүүлөр болбогон учурда, мурунку 6 ай үчүн документтердин көчүрмөлөрү берилет. Орточо салмактанып алынган бааны эсептөө ушул Убактылуу эрежелердин 2-тиркемесине ылайык тартипте ишке ашырылат.
Эгерде бир каттоо күбөлүгүнүн алкагында коронардык стенттин бир нече модели катталса, арыз ээси ар бир моделге өзүнчө арыз берет.
Мында бааны каттоо үчүн чет өлкө валютасын Кыргыз Республикасынын улуттук валютасына кайрадан эсептөө арыз ээлери тарабынан коммерциялык банктын 2% курсуна түзөтүүчү коэффициентти колдонуу менен бааны каттоого арыз берилген күнү күчүндө болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча эсептелет.
13. Ыйгарым укуктуу орган арыздарды кагаз жүзүндө кабыл алат. Электрондук түрдө арыз берүүдө арыз ээси арызга ушул Убактылуу эрежелердин 11-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тиркейт.
14. Ыйгарым укуктуу орган арыз келип түшкөн күнү каттоону ишке ашырат.