Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 232 токтомуна)
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Киришүү
Кыргыз Республикасы өзүнүн географиялык жактан жайгашкан абалына байланыштуу континенталдык тоолуу өлкө болуп саналат, табигый, техногендик, экологиялык жана биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусуна алып келүүчү көптөгөн мүмкүн болуучу кооптуу процесстерге жана кубулуштарга дуушар болот.
Көпчүлүгү климаттын глобалдык өзгөрүү процессинин тездеши менен шартталган табигый кырсыктар кыйла жыш жана интенсивдүү болууда, адамдардын өлүмүнө, олуттуу материалдык чыгымга алып келет, калкка жана экономикага терс таасирин тийгизет, бул өлкөнүн туруктуу өнүгүү жолундагы прогресске жетүүгө олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.
Кыргыз Республикасы аймактагы климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет, себеби анын айыл чарбасы мөңгү сууларынын эришинен, ал эми энергетика тармагында электр энергиясынын 90%ы суу ресурсунун запасынан көз каранды.
Климаттын өзгөрүшү кырсыктардын, өзгөчө кургакчылык, жерлердин деградацияланышы жана токойлордун оорулары, атмосфералык абанын температурасынын жогорулашы, дарыя агымдарынын режимдеринин бузулушу, мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши жана алардын аянттарынын кичирейиши, бийик тоолуу көлдөрдүн жырылуусу, биологиялык түрдүүлүктүн өзгөрүшү ж.б. сыяктуу жай өнүккөн кырсыктардын жыштыгын жана интенсивдүүлүгүн жогорулатат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 20%ынан ашыгы эрип бүттү, 2000 мөңгү көлүнүн 200дөн ашыгы жырылып кетүү коркунучунда турат. Мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн уланып жатышы жана мөңгү көлдөрүнүн жырылып кетүүсүнүн жыштыгы өлкөнүн калкынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурат. Климаттык тобокелдиктерге эң аялуу тармактар: суу, энергетика, айыл чарба, токой чарбасы, инфраструктура жана коомдук саламаттыкты сактоо сектору.
Климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлери калктын метеорологиялык жана гидрометеорологиялык коркунучтарга көбүрөөк дуушар болуу деңгээлин күчөтөт жана жай өнүгүүчү процесстерге кирген бул тенденциянын акыркы убактарда тездеши күтүлүүдө. Абанын температурасынын өзгөрүүсү, анын жыл өткөн сайын күчөшү, өзгөчө ай арасы болгон туруксуз мезгилдерде, табигый-климаттык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын өсүшүнө алып келүүчү коркунучтуу жаратылыш кубулуштарынын жана процесстеринин активдешүүсүнө алып келет.
Түз экономикалык жоготуулар сыяктуу кыска мөөнөттүү кесепеттерден тышкары коомдун узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө анын коопсуздугу да терс таасирин тийгизет. Натыйжада кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана адамды туруктуу өнүктүрүү бири-бирин толуктап турган максаттар болуп саналат.
Жарандык коргонууну (мындан ары - ЖК) уюштуруу мамлекеттин маанилүү функцияларынын бири, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырсыктардын коркунучун жана кырсыктын айынан болуучу адам курмандыктары, жашоо каражаттарынан айрылуу, ден соолугунан айрылуу сыяктуу коркунучтарды бир кыйла азайтуу багытындагы маселелердин чечилиши комплекстүү мүнөзгө ээ болуп, учурдагы жана келечектеги коркунучтарды эсепке алып, өзгөчө кырдаалдарга (мындан ары - ӨК) мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө жана ишке киргизүүгө негизделиши керек.
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында ӨК комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) алдыдагы алты жылдык мезгилге ӨК комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүүнүн, ӨК аныкталган жана потенциалдуу булактарына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү өркүндөтүүнүн, ӨК эртерээк алдын алуу үчүн алардын өнүгүшүн өз убагында анык, так божомолдоонун жана алардын кесепеттерин жоюу иштерин уюштуруунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.
ӨК мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо чөйрөсүндө инновациялык ыкмаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2015-жылдын 3-июнундагы № 69/283 резолюциясы менен жактырылган 2015-2030-жылдарга табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Сендай алкактык программасынын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2017-жылдын 31-июлундагы чечимдеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын ӨК комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын ӨК комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясынын максаттарын, милдеттерин жана артыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасында ӨК алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы менен шартталган.