Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-апрели № 232
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын калкын жана аймактарын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоо потенциалын күчөтүү жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) 1-тиркемеге ылайык;
2) Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы) 2-тиркемеге ылайык;
3) Иш-чаралар планына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) Иш-чаралар планынын бюджети 4-тиркемеге ылайык.
2. Концепцияны ишке ашырууга тартылган министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, илимий-изилдөө уюмдары (макулдашуу боюнча):
1) Концепцияны ишке ашыруу боюнча чараларды көрсүн;
2) бул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айдын ичинде Иш-чаралар планына ылайык Концепцияны ишке ашыруу боюнча ведомстволук жана аймактык пландарды белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашсын;
3) жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбестен Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берсин.
3. Бул токтомду ишке ашыруу менен байланышкан чыгымдар донордук каражаттардын эсебинен, ошондой эле тартылган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү жылга каралган каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 32 (3688) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын ПЛАНЫ
№ | Милдеттер | Чаралар/аракеттер | Күтүлүүчү натыйжалар | Ишке ашыруу мөөнөттөрү | Жооптуу аткаруучулар |
1-артыкчылыктуу багыт: ӨК КМЖББС иштөөсү үчүн институттук жана уюштуруучулук-укуктук алкактарын өркүндөтүү | |||||
1 | ӨКтүн келип чыгуу булактарына мониторинг жүргүзүүнүн жана алардын өнүгүшүн божомолдоонун уюштуруучулук-укуктук алкактарын өркүндөтүү | Мониторинг жүргүзүү тартибин жана жол-жобосун регламенттеген ченемдик укуктук актыны төмөнкүлөргө жараша иштеп чыгуу: - табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн келип чыгуу булактарынын объекттерине; - ӨКтүн келип чыгуу булактарына мониторинг жүргүзүү ишинин аймактык камтуусуна: объектинин (локалдуу), жергиликтүү, региондук жана республикалык деңгээлдерге; - мөөнөтүнө жана божомолдоонун колдонулган методдоруна (узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү, оперативдүү жана оперативдүү күнүмдүк); - профилдик чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча тиешелүү функциялык-тармактык түзүмдөрдүн ишин уюштурууга жооптуу субъекттерге - министрликтерге, административдик ведомстволорго, адистештирилген уюмдарга жана кызматтарга (мониторингдик маалымат: кургакчылык, жайыттардын бузулуусу, жерлердин чөлгө айлануусу, кыртыштын шорлонуусу, атмосфералык абанын сапаты, токой өстүрүү тууралуу маалыматтар, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары тууралуу маалыматтар, кадастрдык маалыматтар, сейсмикалык райондоштуруу ж.б.) | Табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык жана социалдык мүнөздөгү ӨКтүн келип чыгуу булактарына мониторинг жүргүзүүнүн тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук акты кабыл алынды; ӨКтүн социалдык-экономикалык кесепеттерин божомолдоонун жана баалоонун, ЖК тиешелүү башкаруу органдары тарабынан ЖК мамлекеттик системасынын иштөөсү үчүн тиешелүү режимдерди киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун бирдиктүү ыкмалары такталды жана белгиленди; ӨК КМЖББС катышуучуларынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин регламенттеген ченемдик укуктук документ иштелип чыкты | 2025-2030-жж. | ӨКМ, ССМ, САЧКӨМ, ЖРЭТКМ, Жер агенттиги, ОАжМСЭКД, ЭМ, СРК, ВК, Сейсмология институту, Суу маселелери институту |
2 | Мониторинг жана божомолдоо маалыматтарынын мазмунун, мезгилдүүлүгүн жана мөөнөттөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү | Министрликтердин, административдик ведомстволордун, адистештирилген уюмдардын жана ӨК КМЖББС кызматтарынын жетекчилеринин (маалыматтын аныктыгы, толуктугу жана өз убагында берилгендиги үчүн жеке жоопкерчилик алышат) мониторинг жана божомолдоо маалыматтарынын мазмунун, мезгилдүүлүгүн жана берүү мөөнөттөрүн регламенттеген ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуусу жана ишке киргизүүсү; ЖК жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга мониторинг жана божомолдоо маалыматтарын берүү | Министрликтердин, административдик ведомстволордун, адистештирилген уюмдардын жана ӨК КМЖББС кызматтарынын жетекчилеринин (маалыматтын аныктыгы, толуктугу жана өз убагында берилгендиги үчүн жеке жоопкерчилик алышат) мониторинг жана божомолдоо маалыматтарынын мазмунун, мезгилдүүлүгүн жана берүү мөөнөттөрүн регламенттеген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук акты кабыл алынды; мониторинг жана божомолдоо маалыматтары ЖК жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет | 2025-2030-жж. | ӨКМ, ТКМ, САЧКӨМ, ВК, СРК, ССМ, ОАжМСЭКД, ЖРЭТКМ, КГК, ЭМ, ИИМ, ММЖСМ, КАТКЧМ, МКЖӨБИМА, Биология институту, Сейсмология институту, Геология институту, ГЖКӨИ, "Геоприбор" ИИБ, Суу маселелери институту |
3 | ӨК (кырсыктардын) тобокелдигин талдоо жана баалоо тартибин өркүндөтүү | Төмөнкү профилдик чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу министрликтердин, административдик ведомстволордун, адистештирилген уюмдардын жана кызматтардын иштөө тартибин жана жол-жобосун регламенттеген ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу: - ар кандай ӨК коркунучун баалоо; - ӨК боюнча болжолдоолорду иштеп чыгуу (оперативдүү, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү); - ӨК масштабдарын, алардын жайылуу аянттарын баалоо | Төмөнкү профилдик чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу министрликтердин, административдик ведомстволордун, адистештирилген уюмдардын жана кызматтардын иштөө тартибин жана жол-жобосун регламенттеген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук акты кабыл алынды: - ар кандай ӨК коркунучун баалоо; - ӨК боюнча болжолдоолорду иштеп чыгуу (оперативдүү, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү); - ӨК масштабдарын, алардын жайылуу аянттарын баалоо | 2025-2030-жж. | ӨКМ, ТКМ, САЧКӨМ, ВК, СРК, ССМ, ОАжМСЭКД, ЖРЭТКМ, КГК, ЭМ, ИИМ, ММЖСМ, КАТКЧМ, МКЖӨБИМА, Биология институту, Сейсмология институту, Геология институту, ГЖКӨИ, "Геоприбор" ИИБ, Суу маселелери институту |
4 | Кыргыз Республикасында Жарандык коргонуунун байкоо жүргүзүү жана лабораториялык контролдоо тармагын (БЖЛКТ) ӨК КМЖББС кызыкчылыгында андан ары өнүктүрүү | 4.1. ЖК БЖЛКТга КРнын тиешелүү аймагында өз ишин жүргүзүүчү жана тышкы чөйрөнүн объекттерине байкоо жүргүзүү жана лабораториялык контролдоо маселелерин чечүүчү министрликтер, ведомстволор, уюмдар, профилдик борборлор тарабынан инвентаризациялоо ишин жүргүзүү. 4.2. Лабораториялык контролдоо методдорун өркүндөтүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу. 4.3. Лабораториялык контролдун атайын жабдууларын жана техникалык каражаттарын модернизациялоо | ЖК БЖЛКТга КРнын тиешелүү аймагында өз ишин жүргүзүүчү жана тышкы чөйрөнүн объекттерине байкоо жүргүзүү жана лабораториялык контролдоо маселелерин чечүүчү министрликтер, ведомстволор, уюмдар, профилдик борборлор тарабынан инвентаризациялоо иши жүргүзүлдү. Лабораториялык контролдоо методдорун өркүндөтүү жана адистердин квалификациясы жогорулатылды. Лабораториялык контролдун атайын жабдууларын жана техникалык каражаттары модернизацияланды | 2025-2030-жж. | ӨКМ, ОАжМСЭКД, САЧКӨМ, ВК, ИИМ, ЖРЭТКМ |
5 | ӨК КМЖББС маалыматтар базасын (банкты) түзүү, стандартташтыруу жана унификациялоо үчүн уюштуруучулук-укуктук базаны өркүндөтүү | 5.1. Мониторинг маалыматын чогултуу, сактоо, жалпылоо жана талдоо тартибин регламенттеген ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана ишке киргизүү. 5.2. Мониторинг жана божомолдоо маалыматтар базасын коркунучтуу табигый процесстердин (КТП) түрлөрү боюнча (банк) стандартташтыруу жана унификациялоо. 5.3. Жалпыланган маалыматтарды андан ары талдоо жана божомолдоо сапатын жакшыртуу үчүн ӨКМ тиешелүү бөлүмү тарабынан бардык ведомстволук маалыматтар базаларынан (банктардан) КТПнын активдешүү ыктымалдыгына мониторинг жүргүзүүгө жана божомолдоого зарыл болгон маалыматтарды алуу үчүн бирдиктүү ыкманы иштеп чыгуу | Мониторинг маалыматын чогултуу, сактоо, жалпылоо жана талдоо тартибин регламенттеген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук акты кабыл алынды. Мониторинг жана божомолдоо маалыматтар базасын коркунучтуу табигый процесстердин (КТП) түрлөрү боюнча (банк) стандартташтыруу жана унификациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Жалпыланган маалыматтарды андан ары талдоо жана божомолдоо сапатын жакшыртуу үчүн ӨКМ тиешелүү бөлүмү тарабынан бардык ведомстволук маалыматтар базаларынан (банктардан) КТПнын активдешүү ыктымалдыгына мониторинг жүргүзүүгө жана божомолдоого зарыл болгон маалыматтарды алуу үчүн бирдиктүү ыкма иштелип чыкты | 2025-2030-жж. | ӨКМ, ТКМ, САЧКӨМ, СРК, ВК, ССМ, ОАжМСЭКД, ЖРЭТКМ, КГК, ЭМ, ИИМ, ММЖСМ, КАТКЧМ, МКЖӨБИМА, Биология институту, Сейсмология институту, Геология институту, ГЖКӨИ, "Геоприбор" ИИБ, Суу маселелери институту |
2-артыкчылыктуу багыт: ӨК КМЖББС илимий-изилдөө жана техникалык дараметин модернизациялоо жана күчтөндүрүү | |||||
6 | Максаттуу илимий-изилдөө жана долбоорлоо-изилдөө программалары менен иштерин кеңейтүү | Климаттын глобалдык өзгөрүү процесстеринин айынан курчуган ӨК эң проблемалуу булактары боюнча ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо жаатында максаттуу илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө программалары менен иштерин жүргүзүү | Климаттын глобалдык өзгөрүү процесстерин эске алуу менен Табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык жана социалдык мүнөздөгү ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо жаатында максаттуу илимий-изилдөө, долбоорлоо-изилдөө программалары жана иштери жүргүзүлдү жана такталган, илимий негизделген маалымат берилди | 2025-2030-жж. | ӨКМ, Суу маселелери институту |
7 | Инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана прогрессивдүү илимий-техникалык чечимдерди киргизүү | 7.1. Мониторинг жана божомолдоо маалыматтарын жыйноонун, иштеп чыгуунун жана талдоонун натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатуучу инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана прогрессивдүү илимий-техникалык чечимдерди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ГМС инструменттерин жана Жерге байкоо жүргүзүүдөн алынган маалыматтарды пайдалануу аркылуу аткаруу. 7.2. ӨК КМЖББС катышкан министрликтердин, ведомстволордун кызматкерлеринин МКТ, ГМС, ЖАЗ чөйрөсүндө жана маалыматты чогултуунун, талдоонун, жалпылоонун, берүүнүн башка методдору боюнча квалификациясын жогорулатуу жана окутуу. 7.3. ӨКМ караштуу ӨКМБД кызматкерлеринин МКТ, ГМС, ЖАЗ чөйрөсүндө жана талаа шарттарында маалымат чогултуу методдору боюнча квалификациясын жогорулатуу | Мониторинг жана божомолдоо маалыматтарын жыйноонун, иштеп чыгуунун жана талдоонун натыйжалуулугун бир кыйла жогорулатуучу инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана прогрессивдүү илимий-техникалык чечимдерди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ГМС инструменттерин жана Жерге байкоо жүргүзүүдөн алынган маалыматтарды пайдалануу аркылуу аткарылды. ӨК КМЖББС катышкан министрликтердин, ведомстволордун кызматкерлеринин МКТ, ГМС, ЖАЗ чөйрөсүндө жана маалыматты чогултуунун, талдоонун, жалпылоонун, берүүнүн башка методдору боюнча окутуу жана квалификациясын жогорулатуу иш-чаралары жүргүзүлдү. ӨКМ караштуу ӨКМБД кызматкерлеринин МКТ, ГМС, ЖАЗ чөйрөсүндө жана талаа шарттарында маалымат чогултуу методдору боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чаралар аткарылды | 2025-2030-жж. | ӨКМ |
8 | ӨК КМЖББС маалыматтык-аналитикалык, аппараттык жана программалык камсыздоону модернизациялоо жана күчөтүү | Маалыматтык-аналитикалык блоктун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн ӨК КМЖББС программалык-аппараттык бөлүгүн текшерип чыгуу. ӨК КМЖББС программалык-аппараттык комплексин өнүктүрүү планын иштеп чыгуу | ӨК КМЖББС программалык-аппараттык комплексин өнүктүрүү сунуштамалары жана планы иштелип чыкты | 2025-2030-жж. | ӨКМ |
9 | ӨКкө жүргүзүүнүн божомолдоонун жана аймактык мониторинг жана глобалдык тармактарына интеграциялоо жолу менен мониторинг тармактарын модернизациялоо | Жердин биосферасындагы жана анын экосферасындагы жалпы дүйнөлүк процесстерге жана кубулуштарга, анын ичинде алардын бардык экологиялык компоненттерине байкоо жүргүзүү жана аларды ӨК КМЖББС кызыкчылыгында пайдалануу максатында ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана аларды божомолдоонун глобалдык жана аймактык тармактарына ӨК КМЖББС интеграциялоо боюнча максаттуу иштерди аткаруу: КБЖГС - климатка байкоо жүргүзүүнүн глобалдык системасы; АЧМГС - айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүнүн глобалдык системасы; ГЕОСТ - Жерди окуп-үйрөнүүнүн глобалдык системасы; Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (ДМУ) глобалдык жана региондук маалымат системалары; башка глобалдык системалар | Жердин биосферасындагы жана анын экосферасындагы жалпы дүйнөлүк процесстерге жана кубулуштарга, анын ичинде алардын бардык экологиялык компоненттерине байкоо жүргүзүү жана аларды ӨК КМЖББС кызыкчылыгында пайдалануу максатында ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана аларды божомолдоонун глобалдык жана аймактык тармактарына ӨК КМЖББС интеграциялоо боюнча максаттуу иштер аткарылды: КБЖГС - климатка байкоо жүргүзүүнүн глобалдык системасы; АЧМГС - айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүнүн глобалдык системасы; ГЕОСТ - Жерди окуп-үйрөнүүнүн глобалдык системасы; Дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун (ДМУ) глобалдык жана региондук маалымат системалары (ДМУ); башка глобалдык системалар | 2025-2030-жж. | ӨКМ, Суу маселелери институту |
10 | ӨК КМЖББС кызыкчылыгында Жерди аралыктан зонддоо (ЖАЗ) мүмкүнчүлүктөрүн колдонууну арттыруу | Съемка жүргүзүүчү ар түрдүү аппараттар менен жабдылган жердеги, авиациялык жана космостук каражаттар аркылуу жердин бетине байкоо жүргүзүү үчүн Жерди аралыктан зонддоо (ЖАЗ) методун колдонууну арттыруучу иш-чараларды жүргүзүү | КРда ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо кызыкчылыгында ЖАЗ мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу потенциалы жогорулатылды. ЖАЗ методу боюнча жаңы технологияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди колдонуу менен бул объект менен түздөн-түз физикалык контактсыз объект же кубулуш тууралуу, ошондой эле аймактагы кеңири тилкелердеги коркунучтуу, жетүүгө кыйын жана тез кыймылдаган объекттер тууралуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Аны айыл чарбасында жана токой чарбасында, геодезияда, картографияда, ошондой эле жердин үстүнө жана суу ресурстарына, атмосферанын катмарларына байкоо жүргүзүүдө колдонуу мүмкүнчүлүгү пайда болду | 2025-2030-жж. | ӨКМ, Суу маселелери институту |
3-артыкчылыктуу багыт: Иштеп чыгуу регламенттерин жана типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу, ишке киргизүү жана мониторинг жана божомолдоо маалыматтарын берүү | |||||
11 | Иштеп чыгуу регламенттерин жана типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу жана ишке киргизүү жана табигый мүнөздөгү ӨКтүн келип чыгуу булактары боюнча мониторинг жана божомолдоо маалыматтарын берүү | Профилдик чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча тиешелүү функциялык-тармактык түзүмдөрдүн ишин уюштуруучу министрликтер, административдик ведомстволор, адистештирилген уюмдар жана кызматтар тарабынан төмөнкүдөй табигый мүнөздөгү ӨК боюнча мониторинг жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн стандартташтыруу жана регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү: - жер титирөөлөр; - сел алуу, суу ташкыны коркунучтары; - бийик тоолуу табигый көлдөрдө суунун плотиналарды бузуп кетиши; - кар көчкүлөр, жер көчкүлөр, таш кулоолор, геокриологиялык, карст-суффузия процесстери; - лёсстуу жана чополуу топурактардын чөгүүсү; - жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашы; - токой жана тоо өрттөрү, талаа жана дан массивдеринин өрттөнүүсү; - табигый мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары | Профилдик чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча тиешелүү функциялык-тармактык түзүмдөрдүн ишин уюштуруучу министрликтер, административдик ведомстволор, адистештирилген уюмдар жана кызматтар тарабынан төмөнкүдөй табигый мүнөздөгү ӨК боюнча мониторинг жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн стандарттары, регламенттери, типтүү формалары (форматтары) ишке киргизилди: - жер титирөөлөр; - сел алуу, суу ташкыны коркунучтары; - бийик тоолуу табигый көлдөрдө суунун плотиналарды бузуп кетиши; - кар көчкүлөр, жер көчкүлөр, таш кулоолор, геокриологиялык, карст-суффузия процесстери; - сары жана чопо топурактарынын чөгүүсү; - жер астындагы суулардын деңгээлинин жогорулашы; - токой жана тоо өрттөрү, талаа жана дан массивдеринин өрттөнүүсү; - табигый мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары | 2025-2030-жж. | ӨКМ, ТКМ, САЧКӨМ, СРК, ВК, ССМ, ОАжМСЭКД, ЖРЭТКМ, КГК, ЭМ, ИИМ, ММЖСМ, КАТКЧМ, МКЖӨБИМА, Биология институту, Сейсмология институту, Геология институту, ГЖКӨИ, "Геоприбор" ИИБ, Суу маселелери институту |
12 | Техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | Техногендик мүнөздөгү ӨКтүн булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү: - плотиналардын, дамбалардын, шлюздардын, тосмолордун бузулушу, аймактардын чөгүүсү; - коммуналдык тиричиликти камсыз кылуучу системалардагы кырсыктар, имараттардын жана курулмалардын капысынан кулашы; - энергетика системасындагы кырсыктар; - өрт, жарылуулар; - транспорт кырсыктары; - радиоактивдүү заттардын чыгуусуна (чыгуу коркунучуна) байланыштуу кырсыктар; - химиялык коркунучтуу заттардын чыгуусуна (чыгуу коркунучуна) байланыштуу кырсыктар, биологиялык коркунучтуу заттардын чыгуусуна (чыгуу коркунучуна) байланыштуу кырсыктар; - калдык сактоочу жайлардын жана тоо таштандыларынын бүтүндүгүнүн бузулушу (радиоактивдүү жана уулуу заттардын чыгуу коркунучу); - техногендик мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары жана түрлөрү | Тармактык чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча тийиштүү функционалдык-тармактык түзүмдөрдүн ишин уюштуруучу министрликтер, административдик ведомстволор, адистештирилген уюмдар жана кызматтар тарабынан техногендик мүнөздөгү ӨКтүн булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн стандарттары, регламенттери, типтүү формалары (форматтары) киргизилди: - плотиналардын, дамбалардын, шлюздардын, тосмолордун бузулушу, аймактардын чөгүүсү; - коммуналдык тиричиликти камсыз кылуучу системалардагы кырсыктар, имараттардын жана курулмалардын капысынан кулашы; - энергетика системасындагы кырсыктар; - өрт, жарылуулар; - транспорт кырсыктары; - радиоактивдүү заттардын чыгуусуна (чыгуу коркунучуна) байланыштуу кырсыктар; - химиялык коркунучтуу заттардын чыгуусуна (чыгуу коркунучуна) байланыштуу кырсыктар, биологиялык коркунучтуу заттардын чыгуусуна (чыгуу коркунучуна) байланыштуу кырсыктар; - калдык сактоочу жайлардын жана тоо таштандыларынын бүтүндүгүнүн бузулушу (радиоактивдүү жана уулуу заттардын чыгуу коркунучу); - техногендик мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары жана түрлөрү | 2025-2026-жылдар | ӨКМ, ТКМ, САЧКӨМ, ВК, СРК, ССМ, ОАжМСЭКД, ЖРЭТКМ, КГК, ЭМ, ИИМ, ММЖСМ, КАТКЧМ, МКЖӨБИМА, Биология институту, Сейсмология институту, Геология институту, ГЖКӨИ, "Геоприбор" ИИБ, Суу маселелери институту |
13 | Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу жана ишке киргизүү | Экологиялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу жана ишке киргизүү боюнча иштерди жүргүзүү: - жердин (топурактын, жер астынын, ландшафттардын) абалынын өзгөрүшү; - атмосферанын курамынын жана касиеттеринин өзгөрүшү; - гидросферанын жана биосферанын абалынын өзгөрүшү; - жаратылыш чөйрөсүнүн радиоактивдүү булганышынын өзгөрүшү; - экологиялык мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары | Тармактык чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча тийиштүү функционалдык-тармактык түзүмдөрдүн ишин уюштуруучу министрликтер, административдик ведомстволор, адистештирилген уюмдар жана кызматтар тарабынан экологиялык мүнөздөгү ӨКтүн булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн стандарттары, регламенттери, типтүү формалары (форматтары) киргизилди: - жердин (топурактын, жер астынын, ландшафттардын) абалынын өзгөрүшү; - атмосферанын курамынын жана касиеттеринин өзгөрүшү; - гидросферанын жана биосферанын абалынын өзгөрүшү; - жаратылыш чөйрөсүнүн радиоактивдүү булганышынын өзгөрүшү; - экологиялык мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары | 2025-2026-жылдар | ӨКМ, ТКМ, САЧКӨМ, СРК, ВК, ССМ, ОАжМСЭКД, ЖРЭТКМ, КГК, ЭМ, ИИМ, ММЖСМ, КАТКЧМ, МКЖӨБИМА, Биология институту, Сейсмология институту, Геология институту, ГЖКӨИ, "Геоприбор" ИИБ, Суу маселелери институту |
14 | Биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу жана ишке киргизүү | Тармактык чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча тийиштүү функционалдык-тармактык түзүмдөрдүн ишин уюштуруучу министрликтердин, административдик ведомстволордун, адистештирилген уюмдардын жана кызматтардын биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу жана киргизүү боюнча иштерди жүргүзүүсү: - адамдардын жана жаныбарлардын массалык инфекциялык оорулары; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн массалык зыянга учурашы жана оорулары; - биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары | Тармактык чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча тийиштүү функционалдык-тармактык түзүмдөрдүн ишин уюштуруучу министрликтер, административдик ведомстволор, адистештирилген уюмдар жана кызматтар тарабынан биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу жана киргизүү боюнча иштер жүргүзүлдү: - адамдардын жана жаныбарлардын массалык жугуштуу оорулары; - айыл чарба өсүмдүктөрүнүн массалык зыянга учурашы жана оорулары; - биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары | 2025-2026-жылдар | ӨКМ, ТКМ, САЧКӨМ, СРК, ВК, ССМ, ОАжМСЭКД, ЖРЭТКМ, КГК, ЭМ, ИИМ, ММЖСМ, КАТКЧМ, МКЖӨБИМА, Биология институту, Сейсмология институту, Геология институту, ГЖКӨИ, "Геоприбор" ИИБ, Суу маселелери институту |
4-артыкчылыктуу багыт: Өзгөчө кырдаалдарга аймактык, жергиликтүү жана объекттик деңгээлде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу | |||||
15 | Өзгөчө кырдаалдарга облустук жана райондук деңгээлде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу | Тармактык чөйрөдө өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруучу министрликтер, административдик ведомстволор, адистештирилген уюмдар жана кызматтар менен өз ара аракетте ведомствого караштуу аймактарда кырсык коркунучун баалоо жана ӨКтүн алдын алуу боюнча облустук жана райондук деңгээлде ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу; бул милдетти аткаруу үчүн, төмөнкү иш-чараларды жүргүзүү: - маалыматты чогултуунун, талдоонун, жалпылоонун жана берүүнүн МКТ, ГМС, ЖАЗ жана башка ыкмалары жаатында облустук жана райондук деңгээлдеги тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатуу; - семинарларды, конференцияларды өткөрүү; - ӨКМдин Окутуу-изилдөө борборунда окутуу; - машыгууларды ж.б. жүргүзүү; - ведомствого караштуу аймактарда жана объекттерде келип чыккан ӨКтүн эрте алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча тажрыйбалык иш-аракеттерди кабыл алуу боюнча жер-жерлерде машыгууларды жүргүзүү | Алынган билимдердин жана көндүмдөрдүн натыйжасында ӨКкө облустук жана райондук деңгээлде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугу жогорулады | 2025-2030-жылдар | ӨКМ, КРП облустардагы ЫУӨ, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
16 | Өзгөчө кырдаалдарга ЖӨБО деңгээлинде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу | ЖК жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракетте, координацияда жана методикалык жетекчилиги астында ведомствого караштуу аймактарда кырсык тобокелин божомолдоо жана баалоо, табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн алдын алуу боюнча ЖӨБО деңгээлинде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу; бул милдетти аткаруу үчүн, төмөнкү иш-чараларды жүргүзүү: - маалыматты чогултуунун, талдоонун, жалпылоонун жана берүүнүн МКТ, ГМС, ЖАЗ жана башка ыкмалары жаатында облустук жана райондук деңгээлдеги тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатуу; - семинарларды, конференцияларды өткөрүү; - ӨКМдин Окутуу-изилдөө борборунда окутуу; - ведомствого караштуу аймактарда жана объекттерде келип чыккан ӨКтүн эрте алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча тажрыйбалык иш-аракеттерди кабыл алуу боюнча жер-жерлерде машыгууларды жүргүзүү | Алынган билимдердин жана практикалык көндүмдөрдүн натыйжасында ӨКкө ЖӨБО деңгээлинде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугу жогорулады | 2025-2030-жылдар | ӨКМ, ЖӨБО |
17 | Өзгөчө кырдаалдардын жогорку даражада келип чыгуу коркунучуна ээ коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар уюмдардын (менчигинин түрүнөн көз карандысыз мекемелердин, ишканалардын, чарбалык объекттердин) деңгээлинде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу | Өзгөчө кырдаалдардын жогорку даражада келип чыгуу коркунучуна ээ коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар уюмдардын (менчигинин түрүнөн көз карандысыз мекемелердин, ишканалардын, чарбалык объекттердин) деңгээлинде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды жүргүзүү: - маалыматты чогултуунун, талдоонун, жалпылоонун жана берүүнүн МКТ, ГМС, ЖАЗ жана башка ыкмалары жаатында облустук жана райондук деңгээлдеги тиешелүү адистердин квалификациясын жогорулатуу; - семинарларды, конференцияларды өткөрүү; - ӨКМ Окутуу-изилдөө борборунда окутуу | Алынган билимдердин жана практикалык көндүмдөрдүн натыйжасында өзгөчө кырдаалдардын жогорку даражада келип чыгуу коркунучуна ээ коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар уюмдардын (менчигинин түрүнөн көз карандысыз мекемелердин, ишканалардын) деңгээлинде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугу жогорулады | 2025-2030-жылдар | ӨКМ, ТКМ, САЧКӨМ, СРК, ВК, ССМ, ОАжМСЭКД, ЖРЭТКМ, КГК, ЭМ, ИИМ, ММЖСМ, КАТКЧМ, МКЖӨБИМА, Биология институту, Сейсмология институту, Геология институту, ГЖКӨИ, "Геоприбор" ИИБ, Суу маселелери институту |
5-артыкчылыктуу багыт: Табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык жана методикалык негиздерин өркүндөтүү | |||||
18 | Табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын ыкчам, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдорун иштеп чыгуунун методологиялык жана методикалык негиздерин өркүндөтүү | ӨКтүн мүнөзүнө: табигый, техногендик, экологиялык же биологиялык-социалдыкка жараша ыкчам, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдорду иштеп чыгууда пайдалануу максатында аларды өркүндөтүүнүн негизинде методологиялык жана методикалык материалдарды киргизүү | Табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын ыкчам, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдорун иштеп чыгууда аларды практикалык пайдалануу үчүн методологиялык жана методикалык материалдар киргизилди | 2025-2030-жылдар | ӨКМ, УИА |
19 | Өзгөчө кырдаалдарга облустук жана райондук, ЖӨБО деңгээлинде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдарын жана инструменттерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ӨКтү алдын ала божомолдоо максатында облустук жана райондук, ЖӨБО деңгээлинде ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдарын жана инструменттерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | КРП облустардагы ЫУӨ жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ЖӨБО ӨКтү алдын ала божомолдоо жана эрте эскертүү үчүн облустук жана райондук деңгээлде ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдары жана инструменттери менен камсыздалды | 2025-2026-жылдар | ӨКМ, УИА, КРП облустардагы ЫУӨ, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар |
20 | Өзгөчө кырдаалдарга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдарын жана инструменттерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ӨКтү алдын ала божомолдоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдарын жана инструменттерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ӨКтү алдын ала божомолдоо үчүн ЖӨБО ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдары жана инструменттери менен камсыздалды | 2025-2026-жылдар | ӨКМ, УИА, ЖӨБО |
21 | ӨКтүн жогорку даражада келип чыгуу коркунучуна ээ коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар уюмдардын (мекемелердин, ишканалардын) деңгээлинде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдарын жана инструменттерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ӨКтүн жогорку даражада келип чыгуу коркунучуна ээ коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар уюмдардын (мекемелердин, ишканалардын) деңгээлинде өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдарын жана инструменттерин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү | ӨКтүн жогорку даражада келип чыгуу коркунучуна ээ коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар уюмдар (мекемелер, ишканалар) ведомствого караштуу аймактарда жана объекттерде ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдары жана инструменттери менен камсыздалды | 2025-2026-жылдар | ӨКМ, ТКМ, САЧКӨМ, СРК, ВК, ССМ, ОАжМСЭКД, ЖРЭТКМ, КГК, ЭМ, ИИМ, ММЖСМ, КАТКЧМ, МКЖӨБИМА, Биология институту, Сейсмология институту, Геология институту, ГЖКӨИ, "Геоприбор" ИИБ, Суу маселелери институту |