Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-майындагы № 278 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу "Региондук өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын УСТАВЫ
1. Жалпы жоболор
Бул Устав Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу "Региондук өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) ишин регламенттейт.
1. Ишкана мамлекеттик мүлктү чарба жүргүзүү укугуна негизделген, мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, толук чарбалык эсеп жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт.
2. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети эсептелет. Ишкананын уюштуруу документи болуп Устав саналат.
3. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты саналат.
4. Ишкананын толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу "Региондук өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы;
- расмий тилде: государственное предприятие "Центр регионального развития" при полномочном представителе Президента Кыргызской Республики в Чуйской области Кыргызской Республики.
5. Ишкананын кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Региондук өнүктүрүү борбору" МИ;
- расмий тилде: ГП "Центр регионального развития".
6. Ишкананын юридикалык дареги: 722160, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ленин проспекти, 354а.
7. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
8. Ишкананын өз алдынча балансы, алыш-бериш эсеби жана Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик мекемелеринде башка эсептери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка визуалдык жекелештирүү каражаттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти (гарантияны) өзүнө алган учурларды кошпогондо, Ишкана Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Ишкана өзүнүн өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иши үчүн толук жоопкерчилик тартат.
11. Ишкананын ишинин предмети региондук өнүктүрүүнү координациялоо жана колдоо, жергиликтүү бийлик органдары жана коомдоштуктар менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле инвестицияларды тартуу жана каржылоо болуп саналат.
12. Ушул Устав менен жөнгө салынбаган маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат.
2. Ишкананын ишинин максаты
13. Ишкананын ишинин максаты инфраструктураны жакшыртууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, калктын жашоо сапатын жогорулатууга, айыл аймактарын өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга багытталган долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу жолу менен Чүй облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Ишкананын иши ошондой эле экономикалык активдүүлүккө дем берүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, ошондой эле регионду туруктуу жана комплекстүү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү инновациялык чечимдерди киргизүүгө багытталган.
Ишкана өз ишинин алкагында Чүй облусун социалдык- экономикалык өнүктүрүүгө багытталган региондук маанидеги узак мөөнөттүү стратегиялык демилгелерди ишке ашыруу үчүн жергиликтүү ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга жана инвестицияларды тартууга умтулат.
3. Ишкананын милдеттери
14. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) тооруктарды өткөрүү, тооруктарга коюлуучу товарлар боюнча суроо-талапты жана сунушту аныктоо;
2) Чүй облусунун аймагында инфраструктуралык кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү, чарбалык ишти жүргүзүү, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун экономикасына инвестицияларды тартуу;
3) социалдык-экономикалык жана инвестициялык өнүктүрүү максатында маданий-агартуу иш-чараларын, конференцияларды жана форумдарды уюштуруу;
4) өз ишинде пайдаланылуучу имараттарды, объекттерди, жайларды жана жабдууларды эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле аларды талаптагыдай абалда күтүү;
5) оперативдүү башкарууга өткөрүп берилген администрациялык имараттарды, объекттерди жана жайларды эсепке алууну жана эксплуатациялык-техникалык тейлөөнү камсыз кылуу, ошондой эле алардын сарамжалдуу пайдаланылышын контролдоо;
8) имараттарды, социалдык-тиричилик багытындагы объекттерди жана башка объекттерди курууну, реконструкциялоону жана оңдоону уюштуруу;
7) спекуляцияны алдын алуу жана биринчи зарылдыктагы товарлардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында социалдык маанилүү товарларды өндүрүүчүлөрдөн жана жеткирүүчүлөрдөн сатып алууну уюштуруу жана аларды белгиленген баалар боюнча калкка сатуу.