Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 22-майы № 278
Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу "Региондук өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун экономикасына инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү иш-чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу "Региондук өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу "Региондук өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө караштуу "Региондук өнүктүрүү борбору" мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында каттоону жүргүзсүн;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 23-майындагы № 37 (3693) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |