Редакцияот 04.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 4-июну № 320

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 “Нотариалдык иш маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

Нотариалдык ишти бюрократиядан арылтуу жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, “Нотариат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесинин 4-бөлүгүнө, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 733 “Нотариалдык иш маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Жеке нотариалдык кеңсенин жана нотариалдык бюронун жайына карата талаптарда, аларды каттоо тартибинде:

– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“9. Кеңсе, бюро нотариалдык ишти жүргүзүү үчүн ыңгайлаштырылган, профили өзгөртүлгөн турак жай жана турак эмес жайлардын категориясына кирген имаратта же жайда жайгаштырылууга жана төмөнкүлөргө ылайык келүүгө тийиш:

– санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык нормативдерге;

– өрт коопсуздугунун эрежелерине;

– электр коопсуздугунун эрежелерине;

– табигый жана жасалма жарык берүүнүн, жылытуунун болушуна;

– өрт өчүрүүчү каражаттар менен жабдылууга.

Өрт жана электр коопсуздугунун эрежелерин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, ченемдерди жана гигиеналык нормативдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик нотариуска жүктөлөт.”;

– 22-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

“Каттоо күбөлүгүн алгандан кийин нотариустар тиешелүү ыйгарым укуктуу органдарга нотариалдык кеңсенин, бюронун ачылгандыгы жөнүндө кабарлайт.”;

– 27-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын;

– төмөнкүдөй мазмундагы 271-пункт менен толукталсын:

“271. Жеке нотариалдык кеңсени же бюрону каттоо (кайра тариздөө) жөнүндө арызда жай өрт жана электр коопсуздугунун эрежелерине, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге, ченемдерге жана гигиеналык нормативдерге ылайык келет деп ырасталат.

Арыздардын үлгүлөрү Министрлик тарабынан бекитилет.”.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) саны менен жарыяланды.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

А.А. Касымалиев