Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин X чакырылышынын
кезектеги VIII сессиясынын
2025-жылынын 22-апрели №9
« Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аймактык башкаруулардагы аксакалдар сотторунун ишинин регламентин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 17-декабрындагы №01-25/342 сандуу “Аксакалдар сотторунун Типтүү регламентин бекитүү жѳнүндѳ” буйругуна ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 05.03.2025-жылдагы чыг.№01-18/1231 сандуу катты шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясында каралып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги VIII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аймактык башкаруулардагы аксакалдар сотторунун ишинин регламенти №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аймактык башкаруулардагы аксакалдар соттору ушул регламенттин негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Г.Осмонова) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык-укуктук маселелер, мыйзамдуулук, депутаттык этика, ишмердүүлүк, партиялар, коомдук уюмдар жана жаштар иштери, туризм, спорт боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага
|
Турдубеков О.Т. |