Загрузка документа…
| Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин 22-апрель 2025-жылдагы кезектеги VIII сессиясынын №9-токтомуна №1-тиркеме
|
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы аймактык башкаруулардагы аксакалдар сотторунун ишинин
РЕГЛАМЕНТИ
I глава. Жалпы жоболор
1. Бул регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Аксакалдар соттору жөнүндө» Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзѳгѳ ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт.
2. Аксакалдар соттору - ыктыярдуу жана жергиликтүү коомчулуктун колдоосунда, шайлануунун жана өз алдынча башкаруу негизинде түзүлүүчү, Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жѳнүндѳ иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.
3. Аксакалдар соттору Мыйзамда аныкталган тартипте муниципалдык аймактык башкармалыктарында жана башкарууларда жарандардын чечими боюнча уюштурулат.
4. Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, аталган Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт.
Аксакалдар соттору ѳзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргызстан калкынын тарыхый калыптанган салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдын жана адеп-ахлактын ченемдерин жетекчиликке алат.
5. Аксакалдар сотторуна Мыйзам менен жарандардын бузулган же талашып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштыруу: мыйзамдуулукту бекемдѳѳгѳ, укук тартибин сактоого кѳмѳктѳшүү, социалдык чыр-чатактарды баштапкы этабында жоюуга катышуу, ошондой эле жарандарды мыйзамдарды, моралдын ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана сапаттарын урматтоого тарбиялоо милдеттери жүктѳлгѳн.
6. Аксакалдар соттору ушул Регламенттин 5-пуктунда кѳрсѳтүлгѳн милдеттерди чечүүдѳ ынандыруу, коомдук таасир этүү, тараптарды жараштырууга жетишүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген адилеттүү чечим чыгаруу жолу менен иш алып барат.
7. Аксакалдар сотторунун актылары чечим жана аныктама түрүндѳ чыгарылат. Аксакалдар соттору каралган иштин маңызы боюнча чечим, ал эми териштирүүнүн жүрүшүндѳ чечүүнү талап кылган айрым маселелер боюнча аныктама кабыл алышат.
Чечимге аксакалдар сотунун тѳрагасы же тѳрагалык кылуучу кол коет. Аныктама материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо учурунда кабыл алынса, аныктамага материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо жүргүзгѳн аксакалдар сотунун мүчѳсү кол коет.
8. Аксакалдар сотунун чечимдери жана аныктамалары, аксакалдар сотунун жыйналыштарынын протоколдору аксакалдар сотунун тѳрагасы, аксакалдар сотунун мүчѳлѳрү менен макулдашуунун негизинде, аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүүгѳ жооптуу болуп аныкталган аксакалдар сотунун мүчѳсү (мындан ары-катчы) тарабынан таризделет.
2. Иштерди (материалдарды) кароого даярдоо.
9. Аксакалдар сотторунун кароосуна келип түшкѳн бардык материалдар (иштер жана арыздар) келип түшкѳн күнү атайын журналга катчы тарабынан катталат.
10. Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) жазуу жүзүндѳгү (электрондук) кайрылуулар катталган күндѳн тартып 14 жумушчу күндѳ карайт.
11. Аксакалдар сотунун тѳрагасы же тѳраганын орун басарынын тапшырмасы менен аксакалдар сотунун мүчѳсү келип түшкѳн иш (материалдар) менен 5 календардык күндүн ичинде алдын ала таанышып чыгып, Мыйзамдын 7,19 жана 22-беренелеринин талаптарын эске алуу менен аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюча ишти кароо үчүн андагы материалдарынын жетиштүүлүгү тууралуу корутунду түзѳт.
Корутундуда иштин иш жүзүндѳгү жагдайлары, аксакалдар сотунун кароосуна тартылып жаткан адамдын ким экени жѳнүндѳ маалыматтар жана аксакалдар сотунун ѳндүрүшүнѳ кабыл алуу же аны кайтарып берүүнүн негиздерин кѳрсѳтүү менен кайтарып берүү жѳнүндѳ сунуш кѳрсѳтүлѳт.
12. Корутунду аксакалдар сотунун жыйналышында каралат. Анын жыйынтыгы менен тѳмѳнкүдѳй чечим (аныктама) кабыл алынат:
- иш (материал) тиешелүү аксакалдар сотунун компетенциясына тиешелүү болуп, кошумча материалдарды суратуунун зарылдыгы жок болсо ишти ѳндүрүшкѳ алуу жѳнүндѳ;
Ишти (материалдарды) кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун тѳрагасы тарабынан аныкталат.
Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлѳт;
-иш (материал) аксакалдар сотунун компетенциясына кирбеген же ал аксакалдар сотунун кароосуна жатпаган учурда кайтарып берилет;
-ишти кароого алуудан баш тартуу жѳнүндѳ аныктама кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндѳ жооп жиберилет;
-кошумча материалдарды сатып алуу жана аларды иликтѳѳ зарыл болгон учурда ишти (материалдарды) кароо мѳѳнѳтү 30 күнгѳ чейин узартылат.
13. Акасакалдар сотунун жыйналышында ишти (материалды) кароонун кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун тѳрагасы тарабынан аныкталат.
Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлѳт.
Кайтарылып берилген материалдардын ээлерине себебин кѳрсѳтүү менен жооп, мѳѳнѳтү узартылган кайрылуу ээлерине себебин кѳрсѳтүү менен билдирүү жиберилет.
14. Ишти (материалдарды) кароо 18 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу ѳкүлдѳрүн (ата-энесин, кѳзѳмѳлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин), алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат.
Аксакалдар сотуна он сегиз жашка толо элек адамдарды алардын мыйзамдуу ѳкүлдѳрүсүз чакырууга, тарап (арыз ээси, жоопкер) жана күбѳ катары катышуусуна жол берилбейт.
3. Аксакалдар сотунун иштерди (материалдарды) кароо тартиби
15. Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) өздөрүнүн жыйналышында карайт. Аксакалдар сотунун жыйналышы зарылчылыгына, материалдардын келип түшүшүнө жана кароого даяр болушуна жараша өткөрүлөт.
16. Аксакалдар сотторунда териштирүү ачык жүргүзүлөт. Аксакалдар соту тараптардын биринин өтүнүчү боюнча, 18 жашка толо элек адамдардын жашоосунун жеке жактары жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө максатында үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, ошондой эле жеке жана башка мүнөздөгү сырды камтыган башка иштер боюнча териштирүүнү жабык жыйналышта жүргүзөт.
17. Мыйзамдын 10-беренесинде аныкталгандай, аксакалдар сотторунун өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт.
18. Аксакалдар соту тараптардан ар кандай жазуу жүзүндөгү материалдарды иш каралып жаткан тилге которууну талап кыла алат.
Ишке катышып жаткан жана аксакалдар сотунун жыйналышы жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген жактар котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалана алышат. Котормочунун катышуусун өтүнмө берген тарап камсыз кылат.
19. Аксакалдар соту иштерди анын мүчөлөрүнүн курамынын көпчүлүгү болгондо кароого укуктуу.
Аксакалдар сотунун катчысы жыйын башталганга чейин паспортун же өздүгүн тастыктоочу башка документин текшерүү менен жыйналышка катышуучу жактардын, чакырылган күбөлөрдүн жана башка катышуучулардын келип-келбегендигин тактайт жана төрагага кабарлайт.
20. Аксакалдар сотунун төрагасы/төрагалык кылуучу жыйналышты ачат, соттун курамын тааныштырат, карала турган ишти (материалды) жарыялайт.
21. Жыйын ачылгандан кийин төрагалык кылуучу аксакалдар сотуна чакырылган адамдардын келгендигин тастыктайт, процесстин тараптарына жана башка катышуучуларына алардын укуктарын түшүндүрөт, андан кийин аларда аксакалдар сотунун курамы боюнча четтетүү жана өтүнмөлөр бар-жогун, ал эми мүлктүк, үй-бүлөлүк, жарандык,турак жай, жер мамилелери боюнча талаш-тартыштар жагынан алардын иштерин аксакалдар соту кароосуна тараптардын макулдугун аныктайт.
22. Аксакалдар соту жыйынына катышып жаткан адамдардан кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрүн ордунда отуруп кеңешүү менен чечет. Чечим катышуучуларга жарыяланат.
23. Аксакалдар сотунун жыйынына катышып жаткан адамдар аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү, кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу.
Жыйынга катышып жаткан адамдардын аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү жана аксакалдар сотторунун өзүн-өзү четтетүү боюнча кайрылуусу өзүнчө бөлмөдө, ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чечилет жана жыйналыштын катышуучуларына билдирилет.
Аксакалдар соту кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү ордунда отуруп кеңешүү менен чечет жана ошол замат жарыялайт.
24. Четтетүүлөр жана өтүнмөлөр жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу маңызы боюнча иштин жагдайларын баяндайт.
25. Төрагалык кылуучу тараптарга ишти маңызы боюнча кароонун ар кандай этабында тараптар үчүн өз ара алгылыктуу макулдашууну кабыл алуу аркылуу жарашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет.
26. Андан кийин сот арыз ээсинин жана анын тарабында иштин жыйынтыгына кызыкдар болгон жактардын, жоопкердин жана анын тарабында катышкан иштин жыйынтыгына кызыкдар жактардын, ошондой эле ишке катышып жаткан башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угат, иш боюнча берилген материалдарды изилдейт.
27. Аксакалдар соту иш боюнча кандайдыр бир кошумча маалыматты же маалыматтарды алуу зарыл болгон учурда каралып жаткан иштин (материалдын) маңызы боюнча чечим чыгарбастан, жыйналышты кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө жылдырууга укуктуу.
28. Процесстин катышуучулары тарабынан толуктоолор жок болгон учурда, төрагалык кылуучу ишти кароонун аяктаганын жарыялайт.
4. Аксакалдар сотунун чечим чыгаруусу
29. Аксакалдар сотунун курамы ордунда кеңешип же өзүнчө бөлмөгө чыгып, ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен чечим кабыл алат. Чечим жыйында изилденген далилдерге гана негизделиш керек.
30. Аксакалдар сотунун чечиминин резолюциялык бөлүгү жазуу жүзүндө түзүлөт, ага ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрү колтамга коёт, ошол эле жыйында аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрүнүн жана тараптардын катышуусунда жарыяланат.
Чечимге макул болбогон аксакалдар сотунун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндайт. Аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өзгөчө пикири ишти маңызы боюнча чечүүгө таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелүүгө тийиш.
Аксакалдар соту ишке кароого катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү жүйөлөнгөн чечим (жазуу жүзүндө) менен качан тааныша ала турганын дагы жарыялоого милдеттүү.
31. Аксакалдар сотунун чечими Мыйзамдын 32-беренесине ылайык таризделет.
Чечим жарыяланганга чейин төрагалык кылуучу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрү колтамга коёт.
32. Аксакалдар сотунун чечими, эгерде ал даттанылбаса, чыгарылган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.
33. Кабыл алынган чечимдер жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттө арыз ээсине, материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.
34. Мыйзамдын 34-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аксакалдар сотунун чечими төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алынышы мүмкүн:
1) коомдук эскертүү берүү;
2) эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;
3) коомдук сөгүш жарыялоо;
4) келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирүү;
5) эгерде чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк жок болсо, жоопкерден өндүрүп алынууга тийиш болгон мүлктүн наркын көрсөтүү менен мүлктү натуралай берүү.
Коомдук таасир көрсөтүү чараларынын жогоруда белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана аксакалдар соту тарабынан кеңири чечмеленүүгө жатпайт.
5. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануунун жана аларды аткаруунун тартиби
35. Аксакалдар сотунун чечими Кыргыз Республикасыны Жарандык-процесстик кодекстинде аныкталган тартипте жана мөөнөттө даттанылат.
36. Аксакалдар сотунун чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аксакалдар соту чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүп турат (кат жиберүү, чакырып сүйлөшүү ж.б. бардык аракеттери протоколдоштурулат.).
37. Жоопкер аксакалдар сотунун чечиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө аксакалдар сотунун чечимин аткарбаган учурда, аксакалдар соту чечим анын пайдасына кабыл алынган адамга аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө сотко кайрылууну сунуштайт.
38. Аксакалдар сотунун чечими пайдасына чыгарылган тараптын шаардык сотко аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жазылган арызы төмөнкү документтерди тиркөө менен, арыз түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жиберилет:
1) аксакалдар сотунун чечиминин талаптагыдай түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
2) аксакалдар сотунун чечимин аткарбагандыгын ырастаган документтер;
3) аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка жөнөтүлгөнүн ырастаган тапшыруу жөнүндө билдирүү же башка документ;
4) арызга колтамга коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ.
6. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси
39. Аксакалдар соттору өз ыйгарым укуктарынын чегинде шаардык сотторго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрыла алат.
40. Аксакалдар соттору Мыйзамдын 6-беренесинде аларга таандык болгон функцияларды жүзөгө ашырууда шаардык ички иштер бѳлүмү, шаардык прокуратура жана башка укук коргоо органдары, ошондой эле Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен кызматташат.
7. Аксакалдар сотторунун ишин каржылоо, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу
41. Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 115-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
42. Мыйзамдын 38-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар сотторунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн аларга зарыл болгон заманбап жабдуулар менен жабдылган өзүнчө жайды (бөлмөлөрдү) бөлүп берет.
43. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ар кандай юридикалык жана жеке жактардын демөөрчүлүк жардамынан түшкөн каражаттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкары башка акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ар кандай жеңилдиктерди жана материалдык сыйлыктарды берүүнү карайт.
а) аксакалдар сотунун отурумуна катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, өзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме, ишканалардын кызматкерлерин чакырууга жана катыштырууга көмөк көрсөтөт;
б) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда жана аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.
8. Аксакалдар сотторунун отчеттуулугу жана документтерди сактоо тартиби
44. Аксакалдар соттору каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт.
45. Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотторунун кеңешине (эгерде болсо) өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет.
46. Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө маалыматты тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтына мезгил-мезгили менен жарыялап турат.
47. Аксакалдар сотторунда документтерди сактоо Мыйзамдын 41-беренесинде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.