Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 3-июну № 313
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-майындагы № 283 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ивановка айыл аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пунктта "картошканы сактоо жана кайра иштетүү боюнча өнөр жай объектин куруу үчүн" деген сөздөр "индустриялык-логистикалык борборду куруу үчүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) жогоруда аталган жер участогунун шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 6-июнундагы № 41 (3697) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |