Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-июнундагы № 326 токтомуна) |
Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу ТАРТИБИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-февралындагы № 122, 2026-жылдын 24-августундагы № 572 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу максатында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун ээликтен ажыратуу тартиби Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана токой жана суу фонддорунун жерлерин, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын, запастагы жерлерди, чек арага жанаша жаткан зоналарды, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин жана жайыттарды кошпогондо, улуттук инвестициялык долбоорлорду жана мамлекеттик маанидеги долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик менчикте турган жер участокторун акы төлөө менен ээликтен ажыратуу тартибин аныктайт.
2. Жер участокторуна менчик укугун (Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жагына) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун (чет өлкөлүк жакка) берүү аукцион формасында өткөрүлгөн тооруктун жыйынтыгы боюнча жүзөгө ашырылат. Аукцион кагаз форматында же электрондук соода аянтчаларында өткөрүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-августундагы № 572 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Сатып алуу-сатуу келишимин же сатып алуучунун/пайдалануучунун жер участогун өздөштүрүү боюнча милдеттенмелерин камтыган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга акы төлөнүүчү негизде берүү жөнүндө келишимди түзүү укугу аукциондун предмети болуп саналат.
4. Бул Тартипте терминдер жана аныктамалар төмөнкүдөй мааниде колдонулат:
1) аукцион - тооруктун формасы, мында сатып алуу-сатуу келишими же сатып алуучунун/пайдалануучунун милдеттенмелерин камтыган жер участогун мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга акы төлөнүүчү негизде берүү жөнүндө келишим лот үчүн эң жогорку бааны сунуштаган жана төлөгөн жана аукциондун шарттарында аныкталган милдеттенмелерди кабыл алган аукциондун жеңүүчүсү менен түзүлөт;
2) баланс кармоочу – мамлекеттик жер участогу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануусунда турган жер пайдалануучу же үчүнчү жактардын укуктарынан эркин болгон жер участокторун тескеген жергиликтүү мамлекеттик администрация;
3) кепилдик төгүмү - жер участогуна менчик укугун же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун алуу максатында тоорукка катышууну каалаган талапкер тарабынан төлөнүүчү акчалай сумма;
4) комиссия - аукционду даярдоо жана өткөрүү боюнча комиссия;
5) лот - аукционго коюлуучу түзүлгөн жер участогу;
6) улуттук инвестициялык долбоор - өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон инвестициялык долбоор, ал төмөнкү багыттарды камтыйт:
- экспортко багытталгандык, импортту алмаштыруу, айыл чарба, энергетика, азык-түлүк коопсуздугу, өнөр жай жана кайра иштетүү, туризм, курулуш, саламаттык сактоо, фармация, соода-логистикалык чөйрө жана жашыл технологиялар;
- улуттук инвестициялык долбоорго инвестордун өзүнүн салымы долбоордун жалпы наркынын 10 пайызынан кем болбоого тийиш;
7) мамлекеттик маанидеги долбоор - бул толугу менен же жарым-жартылай мамлекеттик бюджеттен, ошондой эле салым катары мамлекеттик активдерди берүү жолу менен каржылануучу, мамлекеттик башкаруу же экономиканы өнүктүрүү чөйрөсү үчүн стратегиялык инфраструктуралык объекттерди курууга багытталган долбоор;