Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-июну № 331
Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Куршевель" мамлекеттик ишканасын кайра атоо жөнүндө
"Кыргыз Куршевель" мамлекеттик ишкананын ишин андан ары өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Куршевель" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы белгиленген тартипте:
1) жогоруда аталган ишкананы ыйгарым укуктуу юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
2) өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Ала-Тоо Резорт" мамлекеттик ишканасы бардык укуктар жана милдеттенмелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу "Кыргыз Куршевель" мамлекеттик ишканасынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 13-июнундагы № 43 (3699) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |