Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 10-апрели № 194

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин суу ресурстары чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомунун редакциясына ылайык)

Суу ресурстарын башкаруу маселелерин оперативдүү чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 "Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин ведомстволук бөлүмдөрүнүн маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Кыргызгеология" мамлекеттик ишканасынын уставында:

- 13-пунктта "суу менен камсыздоо боюнча геологиялык чалгындоо жана гидрогеологиялык жумуштарды аткаруу" деген сөздөр "издөө-чалгындоо жумуштарын аткаруу" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 14-пункттун 5-пунктчасында "гидрогеологиялык," деген сөздөр алып салынсын;

- 16-пунктта:

- 1-пунктчанын жетинчи абзацында "гидрогеологиялык," деген сөздөр алып салынсын;

4-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын.

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев