Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 20-майы № 265
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксаттын колдонуу мөөнөтүн убактылуу белгилөө жөнүндө
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-1-статьясына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Уруксатты каттоо үчүн жыйым 1000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө бир жолу төлөнгөндө транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксаттын колдонуу мөөнөтү 3 жылды түзөт деп белгиленсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет жана 2025-жылдын 1-августуна чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |