Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-майы № 250
Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер участогун "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Көп функционалдуу спорт, окуу-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна, "Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 3-пунктуна, "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 4-апрелиндеги № 89 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында № 199 контурда жайгашкан, мамлекеттик менчикте турган, жалпы аянты 7,5 га болгон сугат айдоо жер участогу көп функционалдуу спорт, окуу-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
3) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштөөсүн, башкы пландагы жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, болжолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) аймактын инфраструктурасынын, жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүшүн, жер участогунун менчик ээсинин каражаттарынын эсебинен социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
6) жер участогунун менчик ээсине карата жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүү менен аталган жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алып коюуну караган чараларды көрүүнү;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунда тарыхый-маданий мурас объекттери аныкталганда Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык алардын сакталышын;
8) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруу наркынын суммаларын Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |