Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН тескемеси
2025-жылдын 24-апрели № 334-т
Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарына баалоо жүргүзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесинин 1-пунктунун 2-пунктчасына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту тарабынан аткарылуучу "Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо" долбоору боюнча мамлекеттик заказ;
2) изилдөө объекттери 1-тиркемеге ылайык;
3) 2025-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун кызматкерлеринин айлык акысынын тарифтери 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорологиялык кызмат Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтуна Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жогоруда аталган мамлекеттик заказды аткаруу үчүн колдо болгон тиешелүү маалыматтарды берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы 2025-2030-жылдар мезгилинде:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен биргеликте техникалык тапшырманы, анын ичинде жумуштарды аткаруунун календардык план-графигин бекитсин;
2) ушул тескеме менен каралган жана "Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо" долбоорун ишке ашыруу үчүн түшкөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2025-жылга Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институту үчүн каралган каражаттардын чегинде Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндеринин изилдөө объекттери боюнча мамлекеттик заказды ишке ашырууга 6723094 (алты миллион жети жүз жыйырма үч миң токсон төрт) сом өлчөмүндөгү финансы каражаттарын өз убагында бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
2) Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтуна мамлекеттик заказды ишке ашыруу үчүн жыл сайын төмөнкүдөй өлчөмдөрдө акча каражаттарын карасын:
- 2026-жылы Нарын дарыясынын бассейнинин изилдөө объекттери боюнча - 7965000 (жети миллион тогуз жүз алтымыш беш миң) сом;
- 2027-жылы Ысык-Көл, Сары-Жаз жана Каркыра дарыяларынын бассейндеринин изилдөө объекттери боюнча - 7736500 (жети миллион жети жүз отуз алты миң беш жүз) сом;
- 2028-жылы Тарым, Чатыр-Көл жана Амударыя дарыяларынын бассейндеринин изилдөө объекттери боюнча - 7735000 (жети миллион жети жүз отуз беш миң) сом;
- 2029-жылы Сыр-Дарыя - Фергана өрөөнүнүн түндүк кыркасы жана Кара-Дарыя дарыяларынын бассейндеринин изилдөө объекттери боюнча - 7807000 (жети миллион сегиз жүз жети миң) сом;
- 2030-жылы Сыр-Дарыя - Фергана өрөөнүнүн түштүк кыркасы жана Амударыя дарыяларынын бассейндеринин изилдөө объекттери боюнча - 7821200 (жети миллион сегиз жүз жыйырма бир миң эки жүз) сом.
5. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги божомолдуу климаттык өзгөрүүлөр шарттарында Төмөнкү-Нарын ГЭСинин жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин каскадынын оптималдуу иштөө режими боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу үчүн "Климаттын өзгөрүү шарттарында Кыргыз Республикасынын дарыяларынын изилденбеген бассейндеринин суу-энергетикалык ресурстарын баалоо" долбоорунун натыйжаларын колдонуу боюнча чараларды көрсүн.
6. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |
|
| 1-тиркеме |
Изилдөө объекттери
2025-жылга изилдөө объекттери
1-таблицада жана 1 жана 2-сүрөттөрдө дарыялар жана алардын Чүй жана Талас дарыялары бассейндеринин куймалары көрсөтүлгөн, аларга мурда гидрологиялык байкоолор жүргүзүлгөн жана азыркы учурда колдонулууда. Суу-энергетикалык ресурстарды баалоо боюнча долбоорду аткаруу үчүн гидрологиялык посттордун жайгашкан жерлерин (WGS-84 координатындагы мейкиндик системасында) жана алардын абалын тактоо, ошондой эле чакан ГЭСтерди жайгаштыруу үчүн суунун чыгымын контролдук ченөө жана рекогносцировкалык иштерди жүргүзүү зарыл. Бул гидрологиялык посттор аткарыла турган талаа иштеринин объекттери болуп саналат.
1-таблица - Чүй жана Талас дарыяларынын бассейндериндеги гидрологиялык посттордун тизмеси: