Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июлу № 386
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагында индустриалдык-логистикалык борбор куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясынын 1-бөлүгүнүн 12-пунктуна, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 6-пунктуна, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 26-февралындагы № 01-12/526 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 21-февралындагы № 3 токтомун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Узун-Кыр айыл аймагындагы № 15 контурда жайгашкан “ТЛЦ Бай Дыйкан-Экспорт” жоопкерчилиги чектелген коомунун менчигинде турган, жалпы аянты 7,6 га сугат айдоо жер участогу индустриалдык-логистикалык борбор куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Ысык-Ата районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) шаар куруу жана архитектура жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоону эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн жер участогунун шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системаларын, башкы планда жер титирөөгө каршы иш-чараларды жана тиешелүү аймакта кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
5) өз каражаттарынын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен аймактын жашоо-турмушун камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
6) Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык тарыхый-маданий мурас объекттерин күтүүнү жана коргоону, көрсөтүлгөн жер участогунда казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө археологиялык көзөмөл жүргүзүү үчүн адис-археологду тартууну;
7) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторуна жакын жайгашкан тарыхый-маданий мурас объекттери табылганда же коргоо зонасына кирип калганда “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алууну;
8) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогу пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны алып коюуну жана баштапкы абалына келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
9) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайдасынын ордун толтуруунун наркынын суммасынын төлөнүшүн;
10) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтын калыбына келтирүүнү, аз өнүмдүү жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
11) “ГЭС-5 БСР” суу сактагычынын сууну коргоо зонасына кирген, ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогунун аянтынан 0,53 га жерди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 “Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу жобого ылайык коргоону.