Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 27-июну № 367
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун оптималдаштыруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомунун редакциясына ылайык)
Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын Кыргыз Республикасынын аймагында болуу тартибин жөнгө салуучу документтерди тариздөө жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 19-сентябрындагы № 268 “Кыргыз Республикасында миграциялык процесстерди оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткаруу үчүн, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 541 “Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандардын жүрүү тартиби жөнүндө жободо:
– 6-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“6. Кыргыз Республикасынын аймагында жүрүү (узартуу) үчүн төмөнкү документтер негиз болуп саналат: эгерде Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, виза, жашап турууга уруксат, Кыргыз Республикасынын резидент-картасы, “Кайрылман” статусу, “Мекен-карт”.”;
– 7-пункттагы “каттоо,” деген сөздөр алып салынсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 312 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-апрелиндеги № 207 “Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Идентификациялык жеке номерди ыйгаруу жана өзгөртүү тартибинде:
– 3-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Ж – жынысы (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн: 1 – аял, 2 – эркек; чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн: 3 – аял, 4 – эркек);”.