Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-июнундагы № 338 токтомуна)
Курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө сөөк коюуга жөлөкпул төлөөнүн тартиби жана ченемдери жөнүндө жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө сөөк коюуга жөлөкпул төлөөнүн тартиби жана ченемдери жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Куралдуу Күчтөрдүн, башка аскердик түзүлүштөрдүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын каза болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө сөөк коюуга жөлөкпул төлөөнүн тартибин аныктайт.
2. Бул Жобонун максаттары үчүн төмөнкү түшүнүктөр жана терминдер пайдаланылат:
арыз ээси (алуучу) - курман болгон/каза болгон адамды иш жүзүндө сөөгүн жайга койгон (көмгөн) адам (анын ичинде бойго жеткен үй-бүлө мүчөлөрү же алардын туугандык даражасына карабастан башка адамдар);
өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (№ 8 форма) - Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан берилген аскер кызматчысынын каза болгондугун күбөлөндүрүүчү документ;
сөөк коюуга жөлөкпул - аскер кызматчыларынын сөөгүн жайга коюу менен байланышкан чыгымдардын жарым-жартылай ордун толтуруу үчүн төлөнүүчү жөлөкпул;
аскердик бөлүк - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аскер кызматчылары аскердик кызмат өтөгөн башкаруу органы (мыйзам менен аскердик кызмат каралган министрликтер жана ведомстволор), кошуундар, аскердик бөлүктөр, мекемелер, уюмдар, кесиптик билим берүүнүн аскердик билим берүү мекемелери;
командир - башкаруу органынын башчысы, аскердик бөлүктүн командири, мекеменин башчысы;
финансы органы - аскердик бөлүктүн финансы-чарбалык бөлүмү (бөлүмчөсү), финансы бөлүгү (кызматы);
өзгөчө учурлар - оор оору, жардамсыз абал, өзгөчө кырдаалдар, табигый кырсыктар, маалым кат берүүнү кечиктирүү, соттук териштирүүлөр, жашаган жерин өзгөртүү.
2-глава. Курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө сөөк коюуга жөлөкпул төлөөнүн тартиби жана өлчөмү
3. Аскер кызматчысы каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоо, төлөө жана каржылоо 300 (үч жүз) эсептик көрсөткүч суммасында жүргүзүлөт.
Эмгек акысына кошумча акынын коэффициенттери белгиленген бийик тоолуу жана алыскы жетүүгө кыйын зоналарда жашаган жана аскердик кызмат өтөгөн аскер кызматчылары үчүн сөөк коюуга жөлөкпулдун өлчөмү бул коэффициенттерди колдонбостон төлөнөт.
4. Сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн арыз ээси курман болгон (каза болгон) аскер кызматчысы мурда аскердик кызмат өтөгөн аскердик бөлүккө төмөнкү документтерди берет:
- аскердик бөлүктүн командиринин атына жазылган арыз;
- арыз ээсинин паспортунун көчүрмөсү ("Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу санариптик версиясы);
- Кыргыз Республикасынын жарандык абалдын актыларын жазуу органы тарабынан берилген өлгөндүгү тууралуу күбөлүк (№ 8 форма);
- расымдык кызмат көрсөтүүчү агенттиктен же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан (айыл өкмөтү, аймактык коомдук өз алдынча башкаруу же муниципалдык аймактык башкаруу) сөөк коюу фактысын ырастаган, арыз ээсинин аты-жөнү көрсөтүлгөн маалым кат;
- арыз ээсинин банктык картасынын номери же банктагы эсептешүү эсебинин номери.
5. Сөөк коюуга жөлөкпул курман болгон (каза болгон) аскер кызматчысы мурда аскердик кызмат өтөгөн аскердик бөлүктүн финансы органы тарабынан төлөнөт.
Арыз ээсине сөөк коюуга жөлөкпул төлөө аскердик бөлүктүн командиринин буйругунун жана ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн документтердин негизинде жүргүзүлөт.
6. Сөөк коюуга жөлөкпул, эгерде аларга арыз өлгөндүгү тууралуу күбөлүк берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен берилгенде дайындалат жана төлөнөт. Өзгөчө учурларда, алты айлык мөөнөт өткөндөн кийин же башка талаш маселелер келип чыкканда, ошондой эле каза болгондугу жөнүндө кайталанма күбөлүк (дубликат) же өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү көрсөтүлгөндө жөлөкпул жүйөлүү себептер болгон учурда аскердик бөлүктүн командиринин чечими боюнча төлөнүшү мүмкүн.
7. Сөөк коюуга жөлөкпул алуучу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык башка адамга ишеним кат берүү менен ошол адамга жөлөкпул алууга ыйгарым укук берүүгө укуктуу.
8. Сөөк коюуга жөлөкпул дайындоо жөнүндө арыз жана документтер кабыл алынат жана сөөк коюуга жөлөкпул алууга арыздарды каттоо журналында катталат.
3-глава. Сөөк коюуга жөлөкпулду дайындоо жана төлөө үчүн жоопкерчилик жана контроль
9. Аскер кызматчылары каза болгон учурда сөөк коюуга жөлөкпулдун туура дайындалышы, алардын өз убагында төлөнүшү жана бул максаттарга каражаттардын жумшалышы үчүн жоопкерчиликти бул төлөмдү жүргүзгөн аскердик бөлүктүн финансы органынын жетекчиси тартат.
10. Сөөк коюуга жөлөкпулду эсептеген адам эсептөөдө ката кетиргендигинин же кыянаттык менен пайдалангандыгынын (документтерди жасалмалоо, өчүрүү) натыйжасында ашыкча төлөнгөн учурда сөөк коюуга жөлөкпулдун ашыкча төлөнгөн суммалары кармалат.
11. Аскердик бөлүктүн финансы органынын башчысынын эсептөөдөгү катадан улам ашыкча төлөмдү кайтарып берүү жөнүндө чечими сөөк коюуга жөлөкпул дайындалган күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен, кыянаттык менен пайдалануунун натыйжасында - мөөнөтү чектелбестен кабыл алынышы мүмкүн.
12. Сөөк коюуга жөлөкпулдун ашыкча төлөнгөн суммасы Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына ылайык күнөөлүү адамдын эсебинен республикалык бюджетке кайтарылууга тийиш.
13. Эгерде кызматкер ушул аскердик бөлүктө иштебей калса, сөөк коюуга жөлөкпулдун ашыкча төлөнгөн суммасы сот тартибинде өндүрүлөт.
14. Аскердик бөлүктүн командиринин чечиминин негизинде күнөөлүү адамдын акчалай үлүшүнөн же эмгек акысынан ай сайын 30 пайыздан ашпаган өлчөмдө кармап калуу жүргүзүлөт.
15. Сөөк коюуга жөлөкпулду төлөө үчүн каражаттарды негизсиз эсептен чыгарууга жол берген, ошондой эле аны дайындоодо кыянаттык менен пайдаланган күнөөлүү адамдарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик чаралары көрүлөт.