Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 13-июну № 338
Курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө сөөк коюуга жөлөкпул төлөөнүн тартиби жана ченемдери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык кепилдиктерди күчөтүү максатында, "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Курман болгон (каза болгон) аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө сөөк коюуга жөлөкпул төлөөнүн тартиби жана ченемдери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын тийиштүү жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте каралган акча каражаттарынын чегинде ишке ашырылат деп белгиленсин.
3. Мыйзам менен аскердик кызмат каралган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жетекчилери өздөрүнүн ички ведомстволук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин, ошондой эле бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 17-июнундагы № 44 (3700) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |