Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 28-июну № 374
Өзбекстан Республикасынын аймагынан Кыргыз Республикасынын пайдасына берилген жер участогун Кыргыз Республикасынын менчигине кабыл алуу жөнүндө
"2022-жылдын 3-ноябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Өзбекстан Республикасы тарабынан Кыргыз Республикасынын пайдасына берилген, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы № 312/4 - № 312/6 чек ара чекиттеринин ортосунда жайгашкан аянты 100 (жүз) гектар жер участогу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик менчигине белгиленген тартипте кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттик Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте:
1) бир айдын ичинде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун инвентаризациялоону жана мамлекеттик менчик укугун мамлекеттик каттоону жүргүзсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын административдик чегинин картасын жана баяндамасын даярдасын;
3) кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процесси аяктагандан кийин жерди эсепке алуу документтерине ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясы жогоруда көрсөтүлгөн аянты 100,0 га жер участогун Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэриясына мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууга берсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын административдик аймагынын кеңейгендигин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча ишти белгиленген тартипте жүргүзүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) мөөнөтсүз (мөөнөтүн көргөзбөстөн) пайдаланууга берилген жер участогун анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууну;
2) ушул токтомду ишке ашыруу үчүн финансылык камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен белгиленген тартипте жүзөгө ашырууну.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 1-июлундагы № 48 (3704) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |