Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 2-июлу № 392
Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Манас айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Индустриялык-логистикалык борборду жана өнөр жай объекттерин куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 7-мартындагы № 01-12/580 жана 2025-жылдын 14-мартындагы № 01-12/614 корутундуларын көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун Манас айыл аймагындагы № 225 контурда жайгашкан, Эргешов Женишбек Жумановичтин жана Жумабеков Тимур Жумабековичтин жеке менчигинде турган 23,95 га сугат айдоо жерлери индустриялык-логистикалык борборду жана өнөр жай объекттерин куруу үчүн “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүүнү;
2) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
4) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык жана курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен жогоруда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
5) жер участогунун менчик ээсинин эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштөөсүн жана өнүгүүсүн, социалдык-экономикалык өнүктүрүүнү уюштурууну;
6) көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алардын сакталышын;
7) көрсөтүлгөн жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда жер участокторунун менчик ээлерине, жерди пайдалануучуларга карата аларды баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркын төлөөнү.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июнундагы № 49 (3705) жарыяланды