Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 7-июлу № 400
“Түндүк” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-сентябрындагы № 592, 2025-жылдын 2-декабрындагы № 769, 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 275 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Санариптик трансформациялоо процесстерин натыйжалуу башкаруу, санариптик мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү жана инновациялык технологияларды киргизүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-мартындагы № 91 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, “Акционердик коомдор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бир акциянын номиналдык наркы 1 000 (бир миң) сомдон турган 500 000 (беш жүз миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларды чыгаруу жана төлөө аркылуу 500 000 000 (беш жүз миллион) сом өлчөмүндөгү уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу менен “Түндүк” ачык акционердик коому (мындан ары – “Түндүк” ААК) түзүлсүн.
2. “Түндүк” ААКка төмөнкү уюмдардын милдеттерин жана функцияларын аткаруу жүктөлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси;
2) Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси;
3) Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемеси;
4) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемеси, медициналык статистикалык отчеттуулукту жүргүзүү жана саламаттык сактоонун маалыматтык системаларын киргизүү боюнча функциялардан тышкары;
5) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемеси.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 769 токтомунун редакциясына ылайык)
3. “Түндүк” ААК жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси, төмөнкү органдарды жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүн кошпогондо, мамлекеттик органдардын (анын ичинде сот органдарынын), жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, фонддордун (республикалык, жергиликтүү бюджеттердин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу) маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жалгыз берүүчүлөрү болуп саналат деп аныкталсын:
1) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматын;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн, укук коргоо органдарын, прокуратура органдарын, ошондой эле маалыматтык ведомстволук системалары Кылмыштардын бирдиктүү реестринин маалыматтарынын, кылмыш-жаза жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын негизинде иштеген органдарды;
3) Бишкек шаарынын мэриясын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-декабрындагы № 769 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 275 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемеси жоюлсун.
6. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги белгиленген тартипте:
1) жоюу комиссиясын түзсүн жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесин жоюу боюнча зарыл чараларды көрсүн;
2) “Түндүк” ААКтын Уставын бекитсин;