Редакцияот 30.06.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 30-июну № 378

2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана түзүмүн оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтомдун 2-тиркемесинде:

- 6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"

6

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети

778

145

 

анын ичинде:

 

 

 

борбордук аппараты

176

28

 

аймактык бөлүмдөрү

541

92

 

ведомстволук бөлүмдөрү

61

25

".

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин штаттык санын оптималдаштыруунун (кыскартуунун) натыйжасында бошотулган финансылык каражаттар бошотулган кызматкерлерге жеңилдиктерге жана компенсацияларга, ошондой эле кошумча чыгымдарга (операциялык чыгымдар жана финансылык эмес активдер менен операциялар боюнча чыгымдар) жумшалуучу финансылык каражаттарды кошпогондо, төмөнкүдөй белгиленсин:

1) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин өнүктүрүү жана дем берүү фондуна топтолот;

2) кызматтык милдеттерин аткаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган кошумча сыйлоо төлөмдөрүн, ошондой эле материалдык сыйлоонун башка чараларын ишке ашырууга пайдаланылат.

3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 4-июлундагы № 49 (3705) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев