Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-июлундагы № 398 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставы
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын уставы (мындан ары - Устав) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) укуктук абалын аныктайт.
Ишкана мамлекеттик мүлктү чарбалык башкаруу укугуна негизделген мамлекеттик ишкананын уюштуруу-укуктук формасында түзүлгөн өз алдынча юридикалык жак болуп эсептелет.
Ишкана "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасынын жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Тамга" аскердик-көмөкчү чарбасы" мамлекеттик ишканасынын укугун улантуучусу болуп эсептелет.
2. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле зарылдыгына жараша Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин (мындан ары - Министрлик) ведомстволук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Ишкананын уюмдаштыруу документи болуп Устав саналат. Ишкананын уюмдаштыруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Уюмдаштыруучу) эсептелет.
4. Ишкананын мамлекеттик башкаруучу органы болуп Министрлик эсептелет, ал Ишкананын ишине жалпы жетекчиликти, координациялоону жана стратегиялык пландоону жүзөгө ашырат.
5. Ишкананын толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик-көмөкчү чарба" мамлекеттик ишканасы";
- расмий тилде: "Государственное предприятие "Военно-подсобное хозяйство" при Министерстве обороны Кыргызской Республики".
Ишкананын кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "АКЧ" МИ";
- расмий тилде: "ГП "ВПХ".
6. Ишкананын мүлкү жана пайдасы мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Ишкана толук чарбалык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иштейт, чарбалык келишимдерди түзүүгө, бүтүм жасоого, мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга, мамлекеттик ишканалардын ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган милдеттерди аткарууга, сот органдарында доогер жана жоопкер катары чыгууга укуктуу.
7. Ишкана Кыргыз Республикасынын банктарында алыш-бериш жана башка, анын ичинде валюталык эсептерди белгиленген тартипте ачууга укуктуу.
8. Ишкананын өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары жана башка атрибуттары бар.
9. Ишкана мамлекеттин милдеттенмелери боюнча кепилдикти өзүнө алган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын милдеттенмелери боюнча жооп бербейт.
10. Уюмдаштыруучу Ишкананын кирешесинин бөлүгүн алууга укуктуу.
11. Ишкана Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин талаптарына ылайык филиалдарды же өкүлчүлүктөрдү ачууга укуктуу.
12. Ишкананын юридикалык дареги: 720039, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Октябрь району, 7-кичи району, № 5 үй.
13. Ишкана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн муктаждыктарын жана керектөөлөрүн камсыз кылуу, айыл чарба продукциясын өндүрүү, мал, канаттуулар жана балык өстүрүү, аларды кайра иштетүү жана сатуу, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органынын бөлүмдөрүнө жана Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнө пландуу негизде аларды тапшыруу боюнча ишти жүзөгө ашырат.
2-глава. Ишкананын максаттары, милдеттери жана функциялары
14. Ишкананын ишинин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, мамлекеттик башкаруу органынын, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн улуттук коопсуздукту камсыздоого жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн сактоого байланыштуу товарларды өндүрүүгө, жумуштарды аткарууга же кызматтарды көрсөтүүгө болгон муктаждыктарын жана керектөөлөрүн канааттандыруу;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнүн жана мамлекеттик башкаруу органынын муктаждыктары жана керектөөлөрү үчүн товарларды өндүрүү, жумуштарды аткаруу же кызматтарды көрсөтүү боюнча Ишкана тарабынан түз мамлекеттик заказды аткаруу.
15. Ишкананын негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ушул Уставда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү жана функцияларды аткаруу;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнө жана мамлекеттик башкаруу органына айыл чарба жана мал чарба продукциясын берүү боюнча заказдарды, келишимдерди, жылдык пландарды өз убагында жана сапаттуу аткаруу;
3) ар кандай жүктөрдү ташуу, коомдук тамактануу чөйрөсүндө юридикалык жана жеке жактарга комплекстүү кызматтарды көрсөтүү;
4) айыл чарбасын жана мал чарбачылыкты жакшыртуу;
5) өзүнүн материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү жана өндүрүштү кеңейтүү, коомдук тамактануу чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү;
6) коргонуу маанисиндеги программаларды жана социалдык багыттагы долбоорлорду ишке ашыруу.
16. Ишкананын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) айыл чарба жана башка продукцияларды өндүрүү, ошондой эле аларды кайра иштетүү;
2) малды, канаттууларды, балыкты өстүрүү жана аларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнө жана мамлекеттик башкаруу органына сатуу, ошондой эле чекене соода аркылуу сатуу;
3) макарон азыктарын, өсүмдүк майын жана башка продукцияларды даярдоо жана аларды Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер бөлүктөрүнө жана мекемелерине, Кыргыз Республикасынын башка аскердик түзүмдөрүнө жана мамлекеттик башкаруу органына сатуу, ошондой эле чекене соода аркылуу сатуу;
4) мунай продуктуларын сактоо, ташуу жана сатуу;
5) жүк ташуу боюнча автомобилдик кызматтарды жана башка кызматтарды көрсөтүү;
6) коомдук тамактануу чөйрөсүндө кызматтарды көрсөтүү;
7) көргөзмө-сатууларды, аукциондорду, консультациялык жана жарнамалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү;
8) аскердик шаарчаларда жана талаа шарттарында күнүмдүк керектелүүчү товарларды сатуу, дүң жана чекене жарманкелерге катышуу;
9) өнөр жай жана азык-түлүк товарларын сатып алуу, бул товарларды өндүрүүчү ишканалар же сатуучулар менен сатып алуучу уюмдун (кардар) ортосунда ортомчулук ишти жүзөгө ашыруу;
10) кейтеринг кызматтарын жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү боюнча кызматтарды көрсөтүү;
11) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана кызматкерлерине, ошондой эле мамлекеттик башкаруу органына соода-тиричилик тейлөө иштерин уюштуруу боюнча кызматтарды көрсөтүү, аларды гарнизондордо, аскердик шаарчаларда жана аскердик контингенттин (бөлүмчө) башка жайгашкан жерлеринде (анын ичинде талаа шарттарында) тиешелүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыктарын канааттандыруу;
12) көчмө сооданы уюштуруу (талаа шарттарында, окуу машыгууларында жана соодага байланыштуу башка иш-чараларда);
13) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында тыюу салынбаган башка иштин түрлөрүн жүргүзүү.