Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 15-июлу № 415
Кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын
аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Баалоо иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесин аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыймылсыз мүлктүн кадастрдык наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жободо:
– 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
“кадастрдык баалоо – кадастрдык наркты аныктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген жер участогунун наркы;”;
– 33-пункттун төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
– 37-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“37. Түзүлгөн жер участогунун старттык баасы үчүн кадастрдык наркты аныктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган кадастрдык баалоо тартибине ылайык кадастрдык нарк колдонулат.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, жер участогунун наркын баалоо кыймылсыз мүлктү көз карандысыз баалоочуларды тартуу менен аныкталат. Көз карандысыз баалоо жүргүзүү жер участогунун планын алган күндөн тартып 10 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт. Көз карандысыз баалоо келишимдин негизинде жүргүзүлөт.
Жер участогунда муниципалдык менчикте турган курулуштар жана курулмалар, ошондой эле бүтпөгөн курулуштар болсо, участоктун наркына бул объекттердин наркы да кошулат.”;
– 39-пункттун үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“Тооруктарды же түз сатууларды өткөрүүдө тооруктардын ар бир предмети боюнча старттык баа катары кадастрдык наркты аныктоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген кадастрдык нарк колдонулат.”;