Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖЕР КОДЕКСИ
2025-жылдын 18-июлу № 149
(КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамы менен колдонууга киргизилди)
Ушул Кодекс Кыргыз Республикасындагы жер мамилелерин, жерге болгон укуктардын пайда болуу негиздерин, ишке ашыруу жана токтотуу тартибин жана аларды каттоону, которууну (трансформациялоону) жөнгө салат, ошондой эле жерге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик шарттарында жер-рыноктук мамилелерин өнүктүрүүгө, жерди сарамжалдуу пайдаланууга жана аны коргоого багытталган.
I бөлүм. Негизги жоболор
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары
1. Кыргыз Республикасында жер мамилелери Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодекси, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомдору жана Кыргыз Республикасынын жер пайдалануу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
2. Башка ченемдик укуктук актыларда камтылган жер укугунун ченемдери ушул Кодекске ылайык келүүгө тийиш.
3. Ченемдик укуктук актыларда камтылган жер укугунун ченемдери Жер кодексинин жоболоруна карама-каршы келген учурда ушул Кодекстин жоболору колдонулат.
4. Жер казынасын, токой жана суу ресурстарын, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо боюнча мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү чөйрөлөрдөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2-берене. Ушул Кодексте колдонулуучу түшүнүктөр
Ушул Кодексте төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) айыл чарба багытындагы деградацияланган жер тилкелери - максаттуу багыты боюнча натыйжалуу пайдаланууга мүмкүн болбогон абалга чейин баштапкы пайдалуу касиеттерин жоготкон жер тилкелери;
2) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фонду - айыл чарба жерлеринен түзүлгөн (жайыттарды кошпогондо) жана мамлекеттин менчигинде турган жер тилкелери;
3) айыл чарба жана/же токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу - айыл чарба же токой жерлерин айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин башка категорияларына же түрлөрүнө берүүдө же которууда төлөнүүчү сумма;
4) айыл чарба жерлери - айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн пайдаланылуучу жер тилкелери, атап айтканда айдоо (сугат, кайрак), кысыр аңыз, көп жылдык өсүмдүктөр (бакчалар, мөмө бакчалар, жүзүмзарлар, питомниктер, тыт жыгачтары) ээлеген жерлер, чөп чабындылары жана жайыттар;
5) айыл чарбалык эмес жерлер - бардык категориядагы жерлерге таандык болгон жана жерлердин төмөнкү түрлөрүнөн турган жер тилкелери: короо-жайлары; дача участоктору; токой жерлери (токойлор, токой тилкелери); дарактардын жана бадалдардын алдындагы жерлер; суу алдындагы жерлер (саздар, дарыялар, өзөндөр, көлдөр, суу сактагычтар, көлмөлөр, каналдар, коллекторлор, мөңгүлөр); жолдордун, мал айдоочу жолдордун, курулуштардын (имараттар, курулмалар, силос жана сенаж үчүн сактоочу жайлар, тундургучтар, убактылуу мал туруучу жайлар, курулуш аянтчалары, урандылар), короолордун, көчөлөрдүн алдындагы жерлер; талкаланган жерлер; башка жерлер (кумдар, таштак жерлер, жарлуу жерлер, жарлар, чуңкурлар, дөбөлөр, шагылдуу жерлер, жер көчкүлөр, эшилме жерлер, чополор, аскалар, көрүстөндөр, ошондой эле таштанды төгүлүүчү жайдын алдындагы жерлер кирет);
6) алынбай калган пайда - жарандык жүгүртүүнүн кадимки шарттарында менчик ээси же жер пайдалануучу алышы мүмкүн болгон, бирок алынбай калган кирешелер;
7) асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлери - кыртыштын бонитетинин баллы 20дан ашпаган же тоют бирдигиндеги түшүмдүүлүгү гектарына 0,8 центнерден аз болгон (чөп чабындылары жана жайыттар үчүн), мелиорациялык жактан ылайыктуу эмес жана аларды жакшыртуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү талап кылган айыл чарба жерлери;
8) атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан аныкталуучу жер мамилелерин жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
9) багбанчылык-дача участогу - айыл чарба продукциясын өстүрүү жана дача курулушу үчүн ушул Кодекс колдонууга киргизилгенге чейин жарандарга берилген жер тилкеси;
10) байланыш курулмалары - байланыш каражаттарын, линиялык-кабелдик байланыш тутумдарын жайгаштыруу үчүн түзүлгөн же ыңгайлаштырылган, капиталдык курулуш объекттери катары, ошондой эле андай болуп эсептелбеген инженердик инфратүзүм объекттери (анын ичинде мобилдүү уюлдук байланыштын базалык станцияларынын жабдуулары, антенналык-мачталык курулмалар, антенналык-фидердик түзүлүштөр, байланыштын линиялык-кабелдик курулмалары);
11) башкы план - шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймактарын өнүктүрүүнү келечектүү шаар курулушун пландоо жөнүндө шаар куруу документтеринин түрлөрүнүн бири;
12) бөлүп берүү тилкеси - эксплуатациялоо жана реконструкциялоо үчүн зарыл болгон линиялык курулмалардын (автомобиль жолдорун, темир жол линияларын, темир жолдорду, мунай-зат түтүктөрүн, газ түтүктөрүн жана башка түтүк өткөргүчтөр) жана алардын конструкциялык элементтерин жайгаштыруу үчүн арналган жер тилкелери (жердин категориясына карабастан);
13) жайыт - мал жаюуда тоют түрүндө жана башка максаттар үчүн пайдаланылуучу чөп баскан айыл чарба жерлеринин түрү;
14) жайыттарды башка максаттарга пайдалануу - жайыт ресурстарын мал жаюудан башка максаттарга пайдалануу, аларга аңчылык кылуу, балчылык, дары чөптөрдү, мөмө-жемиштерди жыйноо, чөп жана отун даярдоо, пайдалуу кендерди казып алуу, жеңил конструкциядагы байланыш курулмаларын орнотуу, сүттү жыйноо жана баштапкы кайра иштетүү пункттарын жана малды жасалма уруктандыруу пункттарын орнотуу, туризм жана жарандардын эс алуусу кирет;
15) жер тилкесин бөлүү - ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде анын чек араларын белгилөө жана бекитүү менен жер тилкесин бөлүү (бөлүп берүү);
16) өстүрмө жайыттар (маданий) - үстүртөн жакшыртылган, тоют өсүмдүктөрүн себүү жолу менен жакшы жайыт чөбү өстүрүлгөн, үзгүлтүксүз кароо жүргүзүлгөн жана жер семирткичтер чачылган, малды кашаалап (өлчөмдөп) жаюу жүзөгө ашырылган жайыт тилкеси;
17) узак мөөнөттүү пайдалануудагы жайыт жерлери - Кыргыз Республикасынын райондорунун жана облустарынын мурдагы колхоздоруна жана совхоздоруна узак мөөнөттү пайдаланууга берилген (1999-жылдын июнуна чейин) башка райондордун жана облустардын административдик аймагында жайгашкан жайыт жерлери;
18) жайыт пайдалануучулар - жайыт пайдаланууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары;
19) жайыт билети - мал жаюу үчүн жайыттарды пайдаланууга укук берүүчү документ;
20) жайыттарды башкаруу жана аларды пайдалануу боюнча план - мамлекеттик менчикте турган жайыттарды башкаруунун жана пайдалануунун 5 жылдык планы;
21) жайыт инфратүзүмү - жайыттын муктаждыктары жана малчылардын жашоосу үчүн арналган имараттар, курулмалар, көпүрөлөр, жолдор, мал туруучу жана сугаруучу аянтчалар, койлорду дары сууга чөмүлтүүчү чуңкурлар, кашарлар жана тосулган жерлер, ошондой эле жайыттарды карап күтүү жана иштетүү үчүн зарыл болгон башка кыймылсыз мүлк;
22) жайыттарды пайдалануунун ар жылдык планы - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башкаруусундагы жайыттардын уруксат берилген жана макулдашылган пайдалануусун аныктоочу план;
23) жайыттарды үстүртөн жакшыртуу - жайыт жерлеринин үстүнкү катмарын бузбастан, өстүрмө жайыттарды түзүү жолу менен жайыттарды жакшыртуу боюнча иш-чаралар;
24) жайыттарды жакшыртуу - жайыттардын түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган иш-чаралардын тутуму;
25) жайыт инфратүзүмүн жакшыртуу - жайыт инфратүзүмүнүн объекттерин реконструкциялоого, оңдоп-түзөөгө, реабилитациялоого, курууга багытталган иш-чаралар.
26) түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар - чымды жок кылуу жана андан кийин шалбаалантуу жолу менен өстүрүлгөн чөп өсүмдүктөрү баскан айыл чарба жерлери;
27) жер фонду - Кыргыз Республикасынын чегиндеги бардык жерлер;
28) жер тилкеси (жер участогу) - туюк чектерде белгилүү бир аянттагы жер бетинин бөлүгүн билдирген кыймылсыз мүлк;
29) жер казынасын пайдалануу үчүн берилген жерлер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын, концессиялык келишимдин, продукцияны бөлүштүрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө макулдашуунун негизинде пайдалуу кен иштетүү жана инфратүзүм объекттерин (жолдорду, вахталык кыштактарды жана жеңил конструкциядагы кампаларды, электр берүү линияларын (ЭБЛ) жана жер казынасын пайдалануу максатында гана пайдаланылуучу башка инфратүзүм объекттерин) куруу үчүн жер казынасын пайдалануучуга берилүүчү, бурчтук чекиттеринин тик бурчтуу координаттар тутумундагы графикалык документте аныкталган жер тилкелери;
30) жер категориясы - бир эле максаттуу багыты боюнча пайдаланылуучу же пайдаланууга арналган жер;
31) жер тилкесине болгон укук - жер тилкесине болгон менчик укугу же жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;
32) мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкесин пайдалануу укугу - мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу;
33) жер тилкесине болгон менчик укугу - Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Кодекс жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен таанылуучу жана корголуучу Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактарынын өзүнө таандык жер тилкесине ушул Кодексте белгиленген чектөөлөрү менен өзү каалагандай ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугу;
34) жер тилкесинин укук ээси - жер тилкесине болгон укугу Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган жеке же юридикалык жак;
35) жер тилкесине болгон укуктарды берүү - ыйгарым укуктуу орган тарабынан мамлекеттик же муниципалдык менчикте турган жер тилкесин жеке жана юридикалык жактарга менчикке же пайдаланууга берүү;
36) жерлердин түрлөрү - айыл чарба же айыл чарбалык эмес жерлер;
37) жер пайдалануучу - жер тилкесин пайдалануу укугу мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилген же өткөрүлгөн жеке же юридикалык жак;
38) мамлекеттик жерди пайдалануучу - жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, мамлекеттик ишканалары, мамлекеттик мекемелери;
39) муниципалдык жерди пайдалануучу - жер тилкесин мөөнөтсүз (мөөнөтүн көрсөтпөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга алган муниципалдык ишканалар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелер, уюмдар;
40) жер-кадастрдык документтер - айыл өкмөтү, район, шаар, республикалык маанидеги шаарлар жана жалпысынан республика боюнча жерлердин жайгашкан ордун, сандык жана сапаттык абалын өзүнө камтыган электрондук жана/же кагаз түрүндөгү маалыматтар, ошондой эле жер тилкелеринин максаттуу багытын өзгөртүүчү укук белгилөөчү документтер;
41) жерлерди коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган - райондук мамлекеттик администрациялар жана жерди контролдоо жана көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү органдар;
42) жеңилдетилген типтеги объект - функциялык багытына жана инженердик-техникалык камсыздоо тармактарына кошулуусуна же мындай кошулуунун жоктугуна карабастан убактылуу курулманы же убактылуу конструкцияны, жер тилкеси менен бекем байланышпаган аянтчаны билдирген стационардык эмес же капиталдык эмес объект;
43) жерди рекультивациялоо - бузулган жана булганган жерлердин биологиялык өнүмдүүлүгүн жана чарбалык баалуулугун калыбына келтирүүгө багытталган инженердик-техникалык, мелиоративдик, агротехникалык жана башка иш-чаралардын комплекси, анын ичинде кыртыштын булганышынын кесепеттерин жоюу, кыртыштын күрдүүлүк катмарын калыбына келтирүү жана коргоочу токой бактарын түзүү жолу да каралган;
44) жерлердин максаттуу багыты - жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документтерде, келишимде же укук белгилөөчү башка документтерде көрсөтүлгөн максаттарда жер тилкелерин пайдалануу;
45) жол жээгиндеги тилке - автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесине эки тарабынан жанаша жайгашкан, алардын чектеринде жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын, ошондой эле автомобиль жолун реконструкциялоонун, капиталдык оңдоп-түзөөнүн тиешелүү шарттарын, өнүгүү келечегин эске алуу менен анын сакталышын камсыз кылуу максатында аларды пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген жер тилкелери;
46) имараттар жана курулмалар - жер менен бекем байланышкан, алардын багытына өлчөмдөш эмес зыян келтирилбесе козгоого мүмкүн болбогон ар кандай курулуштар жана курулмалар, анын ичинде көп батирлүү үйдөгү батирлер, турак эмес жайлар;
47) кадастрдык баалоо - мамлекеттик кадастрдык эсепке алууну жүргүзүү, жер салыгынын ставкаларын эсептөө, айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын жана зыяндарынын ордун толтуруу максатында объекттердин кадастрдык наркын аныктоо жана жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугун белгилөө үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан кыймылсыз мүлк объектинин наркын баалоо;
48) кадастрдык план - кыймылсыз мүлктүн идентификациялык кодун, жерлердин категориясын, чарба жерлеринин түрүн, максаттуу багытын, аянтын, кыймылсыз мүлктүн жайгашкан жерин жана дарегин, масштабдагы кыймылсыз мүлк бирдигинин графикалык сүрөтүн (планын), жер тилкесинин координаттарын, кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды жана укуктарга чектөөлөрдү жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтарды, укук ээси жөнүндө маалыматтарды камтыган, жер тилкесине болгон укукту күбөлөндүрүүчү документ;
49) коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар - улуттук коопсуздукту, айлана-чөйрөнү жана тарыхый-маданий мурас объекттерин коргоону, социалдык, өндүрүштүк, транспорттук, энергетикалык, инженердик жана архитектуралык-курулуш инфратүзүмдөрүн жайгаштырууну жана тейлөөнү камсыз кылуу, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ишке ашыруу менен байланышкан керектөөлөр;
50) короо-жай тилкеси - мамлекеттик бийлик же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жеке турак үй куруу жана үй чарбасын жүргүзүү үчүн (багбанчылык, чарбак) жарандарга бөлүнгөн жер тилкеси;
51) көп батирлүү үйдүн жанындагы жер тилкеси - жашыл бак-дарактарды, чарбалык, балдар жана спорт аянтчаларын, катуу тиричилик калдыктарын чогултуу үчүн жабдылган аянтчаларды жана чек аралары Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталуучу башка жер тилкелерин кошуп алганда, үйгө жанаша аймакты өзүнө камтыган жер тилкеси;
52) көп жылдык бак-дарактар ээлеген жерлер - мөмө-жемиш продукциясын алуу үчүн арналган, жасалма жол менен өстүрүлгөн бак-дарактар, бадалдар (токой аянтысыз) үчүн пайдаланылуучу айыл чарба жерлери;
53) күнөскана - бул айыл чарба өсүмдүктөрүн (жашылча, бакча, декоративдүү, тропикалык, субтропикалык жана башка өсүмдүктөрдү) өстүрүү, көбөйтүү жана сактоо, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттар үчүн арналган курулма;
54) Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестри (УБМР) - кыймылсыз мүлк бирдиктери, колдонулуп жаткан жана токтотулган укуктар жана укуктарга болгон чектөөлөр, ошондой эле укуктары жергиликтүү каттоо органдарында катталган укук ээлери жөнүндө тутумдаштырылган маалыматтардын жыйындысы;
55) кысыр аңыз - мурда айдоо катары пайдаланылган жана күздөн баштап бир жылдан ашык убакыт бою айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүгө пайдаланылбаган жана буулантып айдоого 3 жыл ичинде даярдалбаган айыл чарба жерлери;
56) Кыргыз Республикасынын субъекти - ушул Кодексте белгиленген чектөөлөр менен жер тилкесине тигил же бул укуктар жана милдеттенмелер таандык болгон Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жеке же юридикалык жак;
57) кыртыштык-мелиоративдик абал - айыл чарба продукциясын өндүрүү үчүн жер кыртышынын сапаттык абалын баалоо;
58) ыйгарым укуктуу орган - ушул Кодекстин 17-24-беренелеринде көрсөтүлгөн органдар;
59) мамлекеттик жер кадастры - Кыргыз Республикасындагы жерлердин табигый, чарбалык мүнөздөмөлөрү жана укуктук режими, алардын категориялары, жайгашкан жери, өлчөмдөрү, жер тилкелеринин чектери жөнүндө маалыматтардын жана документтердин тутумдаштырылган жыйнагын, чарба жерлеринин курамынын, жерлердин санынын, сапатынын жана аларды баалоонун тексттик баяндамасын билдирген мамлекеттик жер кадастрларынын бирдиктүү тутумунун курамдык бөлүгү;
60) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу - бул мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорунун тараптарынын укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин жана аны ишке ашыруунун башка шарттарын аныктоочу мамлекеттик жана жеке өнөктөштөрдүн ортосундагы кызматташтык;
61) мал айдап өтүүчү жол - мал айдап өтүү үчүн арналган жол;
62) өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери - жаратылышты коргоочу, илимий, маданий, эстетикалык, ден соолукту чыңдоочу жана тарыхый-маданий жактан артыкчылыктуу мааниге ээ жаратылыш комплекстерин, же табигый, же болбосо жасалма жол менен келип чыккан айрым жаратылыш объекттерин камтыган, жалпы улуттук кенч болуп саналган, чарбалык иштен толук же жарым-жартылай, туруктуу же убактылуу алып салынган, коргоонун жана пайдалануунун өзгөчө режими белгиленген аймактардын жана/же акваториялардын жерлери;
63) өзгөчө баалуу жерлер - интенсивдүү пайдаланылуучу айыл чарба жерлери (сугат айдоо, кайрак айдоо, көп жылдык мөмө-жемиш бактары ээлеген жерлер (бакчалар, мөмө бакчалары, жүзүмзарлар, питомниктер, тутовниктер) кысыр аңыздар, өстүрмө жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган жайыттар, түп-тамырынан жакшыртылган чөп чабындылары), коргоочу токойлор жана аларга теңештирилген бак-дарактар ээлеген жерлер, шаар четиндеги жана жашыл зоналардагы жерлер, илимий-изилдөө мекемелеринин жана окуу жайларынын тажрыйбалык-эксперименттик талаалары (полигондору);
64) жайыттардын оптималдуу жүгү - жайыт чөптөрүнүн ботаникалык курамына, анын өндүрүмдүүлүгүнө жана жайыттын экологиялык бүтүндүгүнө зыян келтирбестен мал жаюуга мүмкүн болгон аянт бирдигине бөлүнгөн мал башынын саны;
65) рыноктук нарк - бүтүмдүн тараптары бардык маалыматтарга ээ болуу менен акылга сыярлык иш-аракет кылган, ал эми бүтүмдүн баасынын чоңдугуна эч кандай өзгөчө кырдаалдар таасир этпеген учурда, баалоо объектинин атаандаштык шартында ачык рынокто ээликтен ажыратылышы мүмкүн болгон эң ыктымалдуу баа;
66) рекреация объекттери - менчигинин түрүнө карабастан пансионаттар, курорттор, эс алуу үйлөрү, конок үйлөрү жана эс алуу, ден соолукту чыңдоо, туризм үчүн пайдаланылуучу башка объекттер;
67) сервитут - башка жактын менчигинде же пайдалануусунда болгон жер тилкесин максаттуу пайдаланууга адамдын чектелген укугу;
68) техникалык-экономикалык негиздеме - жер тилкесинин менчик ээси тарабынан даярдалуучу жер тилкелеринин которуунун (трансформациялоонун) максатка ылайыктуулугун негиздеген трансформациялануучу жер тилкесинин техникалык жана экономикалык параметрлерин камтыган документ;
69) укуктук зоналарга бөлүү - шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын айрым бөлүктөрүнүн ландшафттарын функционалдык пайдаланууга, курууга жана уюштурууга милдеттүү талаптарды жана чектөөлөрдү камтыган шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймактарына курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерин иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана атайын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын иши;
70) универсалдуу укук улантуу тартибинде жер тилкесине болгон укуктун өтүшү - юридикалык жакты мурастоодо же кайра уюштурууда жер тилкесине укук улантуучунун укугунун пайда болушу;
71) чөп чабынды - чөп чабуу үчүн тутумдуу түрдө пайдаланылуучу айыл чарба жери;
72) чек арага чектеш аймак - анын чегинде чек ара режими белгиленген жана иштеген Мамлекеттик чек арага жанаша административдик-аймактык бирдиктин (райондун, шаардын, айылдын) чегиндеги аймак;
73) чек ара тилкеси - Мамлекеттик чек арага жанаша аймактын бир бөлүгү, анын чегинде Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган кирүүнүн, убактылуу жашоонун, орун которуштуруунун жана жумуштарды аткаруунун өзгөчө режими киргизилет;
74) чет өлкөлүк жак - жер-укуктук мамилелеринде тарап катары чыгуучу чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жак, чет өлкөлүк жаран же жарандыгы жок адам;
75) чет өлкөлүк катышы бар юридикалык жак - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн: бир же андан көп чет өлкөлүк жеке. юридикалык жактарга толугу менен таандык болгон; же жазуу жүзүндөгү контракт, акциялардын көпчүлүгүн сатуу укугу, аткаруучу же байкоочу органдын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүн дайындоо укугу аркылуу бир же андан көп чет өлкөлүк жеке, юридикалык жактар тарабынан контролдонуучу жана башкарылуучу; же болбосо акцияларынын же акционерлеринин добуштарынын кеминде 20 пайызы чет өлкөлүк жарандардын, чет өлкөдө туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдардын же чет өлкөлүк юридикалык жактардын менчигинде турган юридикалык жак;
76) чыгымдар - коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу жер тилкесинин укук ээси тарткан чыгымдар, буга үчүнчү жактардын алдындагы милдеттенмелердин мөөнөтүнөн мурда токтотулушуна байланышкан чыгымдар да кошулат;
77) шаар куруу документтери - райондук пландоо долбоорлорунун документтери, башкы пландар, чек коюуну деталдуу пландоонун, кварталдарды куруунун, шаар куруу түйүндөрүнүн жана калктуу конуштарды пландоо түзүмүнүн башка элементтеринин долбоорлору;
78) шаардагы жана айылдагы калктуу конуштардын аймактарында жер пайдалануу жана куруу эрежелери (мындан ары - жер пайдалануу жана куруу эрежелери) - шаар куруу регламенттерин киргизүү аркылуу кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну жана курулуштук өзгөртүүлөрдү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар;
79) электрондук мамлекеттик жер реестри - жер-каттоо, жер-эсепке алуу, жер-баалоо маалыматтарынын жыйындысы;
80) компенсация - укук ээсине бирдей маанидеги (тең баалуу) жер тилкесине болгон укук түрүндө же акчалай компенсация түрүндө же болбосо бул түрлөрдүн айкалышы түрүндө, ошондой эле салык салууга тийиш эмес болгон коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн жер тилкесин алып коюу менен байланышкан башка чыгымдардын ордун толтуруп берүү.
3-берене. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарынын принциптери
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары төмөнкү принциптерге негизделет:
1) жерди жаратылыш объекти, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-турмушунун, өнүгүүсүнүн жана иш-аракетинин негиздери катары сактоо;
2) мамлекеттик жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу;
3) жер рыногун өркүндөтүү жана аны натыйжалуу иштетүү;
4) жердин менчик ээлеринин жана жер пайдалануучулардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоо жана коргоо;
5) жерди натыйжалуу пайдалануу;
6) жерди максаттуу пайдалануу;
7) айыл чарба багытындагы жерлердин артыкчылыгы;
8) жерге болгон укуктар жөнүндө маалыматтардын жеткиликтүүлүгү;
9) жерди пайдалануу жана коргоо боюнча иш-чараларды мамлекеттик колдоо;
10) жерге зыян келтирүүнүн алдын алуу же анын кесепеттерин жоюу;
11) жер үчүн акы төлөө;
12) жерге болгон менчиктин бардык формаларынын теңдиги.
4-берене. Жерге болгон мамлекеттик менчик
1. Мамлекеттик жер пайдалануучуларга берилген жерлер, токой, суу фонддорунун жерлери, өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери, запастагы жерлер, чек ара тилкелеринин жана чек арага чектеш аймактардын жерлери, Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери, жайыттар жана муниципалдык жана жеке менчикке өткөрүп берилбеген башка жерлер мамлекеттин менчигинде болот.
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жайыттары, токойлору жана жерлери мамлекеттин гана менчигинде болот.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин башкаруу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
4. Жерге болгон мамлекеттик менчик укугун Министрлер Кабинети, ошондой эле тиешелүү административдик аймактын чегиндеги жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүзөгө ашырат.
Министрлер Кабинет мамлекеттик менчикте турган жерлерди башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө укуктуу.
5-берене. Жерге болгон муниципалдык менчик
1. Муниципалдык менчиктин жерлерине жеке, мамлекеттик менчик формасындагы жана мамлекеттик жер пайдалануучуларга берилген жерлерди кошпогондо, калктуу конуштун чегиндеги жерлер, ошондой эле калктуу конуштун чегинен тышкары жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн алар сатып алган жер тилкелери кирет.
2. Муниципалдык менчикте турган жерлерди башкаруу жана тескөө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
6-берене. Жерге болгон жеке менчик формасы
Жеке менчик жерлерге Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынын менчигинде турган жер тилкелери кирет, аларды башкаруу жана тескөө Кыргыз Республикасынын жарандык жана жер мыйзамдарынын алкагында менчик ээлери тарабынан жүзөгө ашырылат.
7-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучулардын укуктук абалынын өзгөчөлүктөрү
1. Мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучулар жер тилкесинин максаттуу багытын эске алуу менен жер тилкелерине чарба жүргүзүүнү жүзөгө ашырышат.
2. Жер тилкесинде жайгашкан имаратты жана/же курулманы ээликтен ажыратуу же болбосо күрөөгө коюу жана Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруу менен байланышкан учурларды, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан имаратты жана/же курулманы жана/же курулмадан бош турган жер тилкесинин бөлүгүн алмашуу жана/же сатып алуу-сатуу менен байланышкан учурларды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучу өзүнө таандык болгон жер тилкесин пайдалануу укугун ипотекага берүүгө укуксуз.
3. Өзүнө таандык болгон имараттарды жана курулмаларды өндүрүп алуу учурларын кошпогондо, мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучунун пайдалануусунда турган жер тилкеси кредиторлордун доолору боюнча, жер пайдалануучунун банкроттугун кошуп алганда, өндүрүп алуунун предмети болушу мүмкүн эмес.
4. Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучу өзүнө таандык имаратты жана/же курулманы ижарага берген учурда, аны менен бирге ушул имаратка жана/же курулмага бекитилип берилген жер тилкесин пайдалануу укугу өткөрүлүп берилиши мүмкүн.
Мамлекеттик же муниципалдык жер пайдалануучунун пайдалануусунда турган жер тилкесин ижарага өткөрүп берүүнүн тартиби жана шарттары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
5. Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруучу, уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу бар ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналган мамлекеттик жер пайдалануучу көп батирлүү үйдү Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте эксплуатацияга берүүдө менчигинин түрүнө карабастан укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн чектерде үйгө жанаша жер тилкесин өткөрүп берүү учурларын кошпогондо, калктуу конуштун чегиндеги ага берилген жер тилкесин пайдалануу укугун ажыратууга укуксуз.
Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруучу, уставдык капиталында мамлекеттин жүз пайыз катышуусу бар ипотекалык турак жайды насыялоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган болуп саналган мамлекеттик жер пайдалануучу калктуу конуштун чегиндеги жер тилкесин пайдалануу укугун төмөнкүлөргө өткөрүп берүүгө укуктуу:
- мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу жана/же инвестициялык макулдашуулар колдонулган мезгилде мамлекеттик турак жай программасынын алкагында жеке өнөктөшкө жана/же объекттерди куруучуга;
- алар пайдаланууга берилгенден кийин, чет өлкөлүк жактардын катышуусуз турак жайдын менчик ээлеринин шериктигине жана/же батирлердин жана (же) турак эмес жайлардын (көп батирлүү үйдүн) менчик ээлерине.
8-берене. Чет өлкөлүк жактардын жер тилкесине болгон укугу
1. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, жерлерди чет өлкөлүк жактарга менчикке берүүгө жана өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Айыл чарба багытындагы жер тилкесинин чет өлкөлүк жакка универсалдуу укук мурастоо тартибинде өтүшү ушул Кодекстин 39-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган кесепеттерге алып келет.
2. Калктуу конуштун чегиндеги жер тилкелери чет өлкөлүк жактарга мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши жана өткөрүп берилиши (ээликтен ажыратылышы) же менчик укугу пайда болгон учурдан тартып 2 жылдын ичинде жер тилкесин кийин ээликтен ажыратуу милдеттенмеси менен ипотекалык насыя боюнча өндүрүп алуу учурунда күрөө жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте менчикке өткөрүп берилиши мүмкүн.
3. Чет өлкөлүк жактарга калктуу конуштардан тышкары жер тилкелери, айыл чарба жерлерин жана жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлерди кошпогондо, Министрлер Кабинети тарабынан мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши мүмкүн. Калган учурларда калктуу конуштардан тышкары жерлер чет өлкөлүк жактарга универсалдуу укук мурастоо тартибинде мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет, өткөрүлүп берилет, өтөт.
Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилүүчү улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлор чет өлкөлүк жактар тарабынан ишке ашырылган учурда жер тилкеси чет өлкөлүк жактарга 50 жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда, талаптагыдай максаттуу пайдаланганда кийин мөөнөтүн узартуу менен берилиши мүмкүн.
Чет өлкөлүк жактарга жер казынасын пайдалануу үчүн жерлер жер казынасын пайдалануучулар - Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн берилген эле тартипте мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берилет.
4. Кайрылмандарды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын объекттерин курууну, темир жолду жана анын инфратүзүмүн курууну кошпогондо, чет өлкөлүк жактарга чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер тилкелери мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугунда берилиши мүмкүн эмес.
5. Жер тилкесин өндүрүп алууда чет өлкөлүк банктардын жана адистештирилген финансы-насыялык мекемелеринин менчигине өткөрүлүп берилген айыл чарба багытындагы жерлер менчик укугу пайда болгон учурдан тартып 2 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын күрөө жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте аталган субъекттер тарабынан ээликтен ажыратылууга тийиш.
Жер тилкеси менчик ээси (чет өлкөлүк банк же адистештирилген финансы-насыялык мекеме) тарабынан ээликтен ажыратылбаган учурларда, 2 жыл өткөндөн кийин менчик укугу токтотулат жана мамлекеттик менчикке өтөт.
6. Имарат жана/же курулма Кыргыз Республикасынын жеке же юридикалык жактарынан чет өлкөлүк жакка же жарандыгы жок адамга өткөн учурда, жер тилкеси экинчиге (чет өлкөлүк жакка же жарандыгы жок адамга) кийин узартуу менен 50 жылга чейинки мөөнөткө мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга өтөт. Андан ары имаратка жана/же курулмага болгон менчик укугу чет өлкөлүк жактан же жарандыгы жок адамдан Кыргыз Республикасынын жаранына же Кыргыз Республикасынын юридикалык жагына өткөндө жер тилкесине болгон жеке менчик укугун мамлекеттик каттоо жүзөгө ашырылат.
7. Ушул беренеде чет өлкөлүк жактар үчүн каралган чектөөлөр сервитут белгиленген учурларга жайылтылбайт.
9-берене. Жер пайдалануучулар тарабынан жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү
1. Жер тилкесин пайдалануу мөөнөтсүз (мөөнөтү көрсөтүлбөстөн) же мөөнөттүү (убактылуу) болушу мүмкүн.
2. Жер тилкесин мөөнөттүү (убактылуу), анын ичинде ижара келишиминин шарттарында пайдалануу жерди 50 жылга чейинки чектелген мөөнөттө пайдалануу деп таанылат.
Ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин тараптардын макулдашуусу боюнча жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү узартылышы мүмкүн.
3. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан айыл чарба багытындагы жерлери, кайрак айдоо жана көп жылдык өсүмдүктөр ээлеген жерлерди, үрөнчүлүк, асыл тукум, эксперименттик чарба, илимий-изилдөө, тажрыйба-селекциялык, сорт сыноо иштерин жүргүзүү жана айыл чарба кооперативдери үчүн 20 жылга мөөнөткө берилүүчү жерлерди кошпогондо, 5 жылга ижарага берилет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жер тилкелери субижарага берилиши мүмкүн эмес.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлери Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ижарага берилет.
Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунан жер тилкесин пайдалануу мөөнөттөрү келишимдик милдеттенмелер аткарылган жана ижара акысынын суммасы инфляцияны эске алуу менен кайра каралган шартта ушул бөлүктүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктагандан кийин узартылышы мүмкүн.
10-берене. Мүлк (жер) салыгы. Жерди пайдалануу үчүн акы төлөө
1. Бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык жерди пайдалануучуларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында жерди пайдалануу бардык юридикалык жана жеке жактар үчүн акы төлөнүүчү пайдалануу болуп саналат.
2. Жерди пайдалануу үчүн төлөмдөр ижара акысынан, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөрдөн турат.
Мүлк (жер) салыгы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык төлөнөт.
Жайыттарды кошпогондо, ижара шартында жер тилкесин пайдалануу укугун алган жерди пайдалануучу тарабынан жер тилкесин пайдалангандыгы үчүн ижара акысы жана аны төлөө тартиби келишимдин негизинде белгиленет.
3. Мамлекеттик менчикте турган жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын чектүү өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык райондук мамлекеттик администрация тарабынан бекитилет.
Муниципалдык менчикте турган жерлерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын чектүү өлчөмү Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген методикага ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан бекитилет.
4. Кыргыз Республикасынын аймагында жер тилкелеринин башка мамлекетке пайдаланууга берүүдө акынын өлчөмү эл аралык келишим менен аныкталат.
11-берене. Жерге болгон укуктарды жана алар менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо
1. Жер тилкесине болгон укуктар менен жасалган бүтүмдөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш жана мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, нотариалдык күбөлөндүрүүнү талап кылбайт.
2. Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринде төмөнкүлөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш: жер тилкесине укуктардын пайда болушу, аларды өткөрүп берүү, өтүүсү, чектөөлөр, сервитут, ипотекасы жана аларды токтотуу.
3. Жер тилкесине болгон укук менен жасалган бардык бүтүмдөр кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыймылсыз мүлккө укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилүүгө тийиш.
12-берене. Жер фонду
Кыргыз Республикасынын жер фонду айыл чарба жана айыл чарбалык эмес жерлерди камтыйт жана максаттуу багытына ылайык төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
1) айыл чарба багытындагы жерлер;
2) калктуу конуштардын жерлери;
3) өнөр жайдын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер;
4) өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий аймактардын жерлери;
5) мамлекеттик токой фондунун жерлери;
6) суу фондунун жерлери;
7) запастагы жерлер.
13-берене. Жерлерди категорияларга киргизүү жана аларды бир категориядан башкага которуу (трансформациялоо) жана жерлердин бир түрүнөн башка түрүнө которуу
1. Жерлерди тиешелүү категорияга киргизүү милдеттүү болуп саналат жана жерлердин максаттуу багытын белгилөөлөрдө же өзгөртүүлөрдө бир убакта жүргүзүлөт.
2. Жерлерди бир категориядан башкасына которуу (трансформациялоо) жерлердин негизги максаттуу багыты өзгөргөн учурда жүргүзүлөт.
3. Айыл чарба жерлерин кошпогондо, жерлердин бир категориясынын ичиндеги жерлердин түрүн өзгөртүү бир түрдөн башкага которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт.
Мында калктуу конуштардын чек араларында жерлердин түрүн өзгөртүү шаар куруу документтеринин негизинде бир түрдөн башкасына которуусуз (трансформациялоосуз) жүргүзүлөт.
Көңүл буруңуздар! КР 2025-жылдын 18-июлундагы № 150 Мыйзамына ылайык берилген берененин 3-бөлүгү 2026-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
4. Мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтарында, укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтеринде көрсөтүлгөн жер тилкесинин жерлердин белгилүү бир категориясына таандыктыгы жөнүндө маалыматтардын ортосунда карама-каршылыктар бар болгон учурда, жер тилкелерин белгилүү бир категорияга киргизүү укук белгилөөчү же укук күбөлөндүрүүчү документтерде көрсөтүлгөн маалыматтардын негизинде жер тилкесинин укук ээсинин арызы боюнча жүргүзүлөт.
5. Эгерде жердин категориясы мамлекеттик жер кадастрынын маалыматтарында, укук белгилөөчү жана укук күбөлөндүрүүчү документтеринде көрсөтүлбөгөн учурда, жер тилкесинин максаттуу багытына жараша жер тилкесин жерлердин белгилүү бир категориясына киргизүү жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан акт кабыл алынат.
6. Жер тилкелерин берүүнүн төмөнкү учурларын кошпогондо, жерлерди максаттуу багыты боюнча эмес пайдаланууга жол берилбейт:
1) электр байланыш операторлоруна байланыш курулмаларын куруу жана/же орнотуу үчүн 36 м2 ашпаган өлчөмдө;
2) электр берүү линияларын орнотуу үчүн.
7. Жерлерди бир категориядан башкасына которуунун (трансформациялоонун) тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.
14-берене. Жерлердин максаттуу багытын белгилөө жана өзгөртүү
1. Жерлердин максаттуу багытын белгилөө жер тилкесин менчикке же мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүдө жүргүзүлөт.
2. Жерлердин максаттуу багытын өзгөртүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) калктуу конуштардын ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилген шаар куруу документтеринин негизинде жүргүзүлөт;
2) калктуу конуштардын жерлерин кошпогондо, айыл чарба жана айыл чарба эмес багытындагы жерлер Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарында белгиленген компетенциялардын чегинде ыйгарым укуктуу органдын чечиминин негизинде жүргүзүлөт.
3. Жер тилкесин пайдалануу укук белгилөөчү документте көрсөтүлгөн максаттуу багытка ылайык жүзөгө ашырылат.
4. Жерлердин максаттуу багыты, категориясы жана чарба жерлеринин түрү төмөнкү укук белгилөөчү документтерде көрсөтүлөт:
1) жер тилкелерин берүү жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын;
2) жер тилкелери предмети болуп саналган келишимдерде;
3) жерди эсепке алуу документтеринде;
4) кадастрдык планда.
15-берене. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу
1. Айыл чарба жерлерин жерлердин бир категориясынан жерлердин башка категорияларына же айыл чарба жана токой чарба өндүрүшү менен байланышпаган жерлердин түрлөрүнө которууда (трансформациялоодо) жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасы төлөнөт.
Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу максатында алардын ченемдери Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
2. Жеке менчикте турган айыл чарба жерлеринин түрлөрүн жерлердин айыл чарба эмес багытындагы жерлердин башка категориясына которууда менчик ээси жоготуулардын ордун толтурууну ушул Кодекстин 16-беренесинин талаптарын эске алуу менен төлөйт.
3. Айыл чарба жоготууларынын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар республикалык бюджетке түшөт, токой чарбасындагы жоготуулардын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар аймактык ыйгарым укуктуу органдын атайын эсебине чегерилет жана жаратылышты коргоо иш-чараларына багытталат, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттар жергиликтүү бюджетке түшөт.
Айыл чарба жана токой чарба жоготууларынын, алынбай калган пайданын ордун толтуруудан түшкөн каражаттарды пайдалануунун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
4. Министрлер Кабинетинин чечими менен бекитилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун тизмегине киргизилген улуттук жана/же мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) жана берүү айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтурууну төлөбөстөн жүзөгө ашырылат.
16-берене. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын, алынбай калган пайданын жана инфратүзүмүн камсыз кылууга кеткен чыгымдардын ордун толтуруу наркынын суммасын төлөө
1. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруунун суммасы жер тилкесине болгон укук күбөлөндүрүүчү документ берилгенге чейин жаңы жер пайдалануучулар жана менчик ээлери тарабынан төлөнөт.
2. Айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын орду жерлерди төмөнкүлөр үчүн которууда толтурулбайт:
1) айыл чарба багытындагы жерлерди сугаруу жана/же кургатуу үчүн арналган мелиоративдик системаларды куруу;
2) ыйгарым укуктуу орган тарабынан акысыз негизде берилүүчү короо-жай тилкеси үчүн пайдалануу;
3) саламаттык сактоо объекттерин, мектептерди, мектепке чейинки балдар, социалдык мекемелерди, анын ичинде маданият, искусство чөйрөсүнүн объекттерин, чакан жана ири гидроэлектр станцияларды инженердик жана транспорттук инфратүзүмдүк объекттерин, көрүстөндөрдү куруу;
4) республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү автомобилдик, магистралдык жолдорду куруу, реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө;
5) электр берүү линияларын, энергетикалык курулмаларды, анын ичинде энергиянын кайра жаралуучу булактарын, мунай түтүктөрүн жана башка түтүк өткөргүчтөрдү пайдалануу менен куруу;
6) республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин эсебинен жүргүзүлүүчү аскердик, жаратылышты коргоо жана тарыхый-маданий багыттагы объекттерди (мамлекеттик жаратылыш коруктарын, мамлекеттик биосфералык коруктарды, мамлекеттик жаратылыш парктарын, дендрологиялык жана зоологиялык парктарды, ботаникалык бакчаларды, мамлекеттик комплекстүү корукчаларды, мамлекеттик жаратылыш жана археологиялык эстеликтерди, микрокоруктарды, биосфералык аймактардын жана/же резерваттардын өзөк зоналарын, геопарктардын негизги зоналарын, жергиликтүү маанидеги өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын өзөк зоналарын, токой чарба мекемелерин, археологиялык жана тарыхый-архитектуралык объекттерди, мемориалдык парктарды түзүү) куруу;
7) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын линияларын жана чек ара инфратүзүмүнүн объекттерин (имараттарды, жайларды, курулмаларды) куруу;
8) Кыргыз Республикасынын аэропортторун куруу жана аэропортторунун аймактарын кеңейтүү;
9) республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин эсебинен дене тарбия-ден соолукту чыңдоочу комплекстерин куруу;
10) республикалык жана/же жергиликтүү бюджеттердин эсебинен ишке ашырылуучу суу чарба курулмаларын куруу;
11) мамлекеттик маанидеги объекттерди куруу чөйрөсүндө жана/же Кыргыз Республикасынын жарандарын турак жай менен камсыз кылуунун мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алкагында Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу мамлекеттик милдеттерди ишке ашыруу;
12) Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди аткаруу;
13) жерге мунапыс берүү объектине болгон укукту бекитүү.
3. Ушул беренеге ылайык түшкөн каражаттар Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган максаттарга пайдаланылат.