Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 18-июлу № 429
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
“Бардык сезондогу “Ала-Тоо Резорт” тоо кластери” тоо лыжа базасынын долбоорун ишке ашыруу үчүн кум-шагыл аралашмасын өндүрүү боюнча заводду курууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 26-майындагы № 01–9/2971 корутундусун, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 19-майындагы № 51 токтомун эске алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Хан-Теңири айыл аймагынын № 1014 контурунда жайгашкан, мамлекеттик менчиктеги жалпы аянты 5,0 га маданий жайыт жерлери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрациясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерди максаттуу пайдаланууну;
3) Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын жана алынбай калган пайданын наркынын суммасынын ордун толтурууну;
5) жерлер пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аларды баштапкы абалга келтирүү менен, Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык көрсөтүлгөн жерлерди алып коюуну караган менчик ээсине же жерди пайдалануучуга карата чараларды көрүүнү;
6) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлердин аянтын калыбына келтирүүнү, аз өнүмдүү жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарбалык жүгүртүүгө киргизүүнү;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жерлерде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда, аларды Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө мыйзамдарына ылайык сактоону;
8) “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолунун бөлүнгөн тилкесин сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 22-июлундагы № 54 (3710) жарыяланды