Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 17-июлу № 422
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамлекеттик лотереялык компания” мамлекеттик ишканасынын ишин өркүндөтүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июлундагы № 375 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин ведомстволук ишканаларынын айрым маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Мамлекеттик лотереялык компания” мамлекеттик ишканасынын уставында:
– 9-пунктта “мекемелеринде” деген сөз “уюмдарында” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“11. Ишкананын ишинин предмети Кыргыз Республикасында кесиптик лотереялык ишти жүзөгө ашыруу болуп саналат.”;
– 13-пунктта “лицензиянын негизинде” деген сөздөр “кесиптик” деген сөзгө алмаштырылсын;
– 14, 15-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“14. Ишкананын милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– кесиптик лотереялык ишти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу;
– дене тарбияны, спортту, билим берүүнү жана маданиятты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
– балдарды, жаштарды, улгайган жарандарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарды, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү коргоо жаатындагы комплекстүү социалдык иш-чараларды ишке ашырууга финансылык колдоо көрсөтүү;
– лотереялык ишке байланышкан жумушчу кадрлардын квалификациясын жогорулатуу;
– кесиптик лотереялык ишти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн алдынкы технологияларды киргизүү;