Загрузка документа…
Тиркеме
2025-жылдын 24-июлундагы № 439
Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби
1. Ушул Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби (мындан ары – Тартип ) Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин реестрин (мындан ары – реестр) түзүү жана жүргүзүү эрежелерин аныктайт.
2. Реестр өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм (мындан ары – ӨМИ) субъекттерине менчик, ижара укугунда же башка мыйзамдуу негизде таандык болгон ӨМИ объекттери жөнүндө маалыматты эсепке алуу максатында жүргүзүлөт.
3. Реестр категорияларга бөлүү боюнча комиссиянын актысынын негизинде киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт жана жүргүзүлөт, ал ӨМИ объектти жана ага ыйгарылган маанилүүлүк категориясы жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
4. Реестрге төмөнкүдөй маалыматтар киргизилет:
1) ӨМИ объектинин аталышы;
2) ӨМИ субъектинин аталышы;
3) ӨМИ объектинин дареги;
4) ӨМИ субъектинин дареги;
5) ӨМИ объектинин ӨМИ субъектинен тышкары электр байланыш тармактары менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө маалыматтар;
6) ӨМИ объектин эксплуатациялаган жактар жөнүндө маалыматтар;
7) ӨМИ объектинин иштешин камсыз кылган жактар жөнүндө маалыматтар;
8) киберкоопсуздукту камсыздоого жооптуу түзүмдүк бөлүм жана/же ӨМИ объектинин киберкоопсуздук офицери жөнүндө маалыматтар;
9) ӨМИ объектине ыйгарылган маанилүүлүк категориясы;
10) ӨМИ объектинде колдонулуучу программалык жана программалык-аппараттык каражаттар жөнүндө маалыматтар;
11) ӨМИ объектинин киберкоопсуздугун камсыздоо үчүн көрүлгөн чаралар.
5. Реестрге киргизилген ӨМИ объектинин ар бирине XXXXXX/X/X/XX түрүндөгү жантык сызыкчалар менен бөлүнгөн цифралардын жана баш тамгалардын тобунан турган каттоо номери ыйгарылат.
Белгилердин биринчи тобу ӨМИ объектинин реестрдеги катар номерин көрсөткөн 000001ден 999999 чейинки санды камтыйт.
Белгилердин экинчи тобу аймагында ӨМИ объекти жайгашкан административдик-аймактык бирдикти билдирген санды камтыйт:
1 – Бишкек шаары;
2 – Ош шаары;
3 – Баткен облусу;
4 – Жалал-Абад облусу;
5 – Нарын облусу;
6 – Ош облусу;
7 – Талас облусу;
8 – Чүй облусу;
9 – Ысык-Көл облусу.
Белгилердин үчүнчү тобу ӨМИ объектинин маанилүүлүк категориясынын көрсөткүчтөрүн билдирген санды камтыйт:
1 – I категория;
2 – II категория;
3 – III категория.
Белгилердин төртүнчү тобу ӨМИ объекти иштеген иш чөйрөсүн (тармагын) билдирген эки орундуу санды камтыйт:
1 – социалдык маанилүүлүк;
2 – экономикалык маанилүүлүк;
3 – экологиялык маанилүүлүк;
4 – өлкөнүн коргонуусун, мамлекеттин коопсуздугун жана укук тартибин камсыздоо үчүн маанилүүлүк.
Ошондой эле белгилердин төртүнчү тобу ӨМИ объектинин тибин билдирген баш тамганы камтыйт:
“А” – маалыматтык система;
“Б” – маалыматтык-телекоммуникациялык система;
“Б¹” – электр байланыш тармагы;
“Б²” – Кыргыз Республикасынын жалпы колдонуудагы электр байланыш тармагы;
“В” – маалыматтар базасы;
“Г” – маалыматтарды иштеп чыгуу борбору;
“Д” – автоматташтырылган башкаруу системасы.
Эгерде ӨМИ объекти бир нече иш чөйрөсүндө (тармактарда) иштесе, бул маалымат реестрдин ӨМИ объекти жөнүндө кошумча маалыматтарды камтыган графасына киргизилет.
6. Реестрдеги ӨМИ объекттери жөнүндө жазуулар ӨМИ объекти тууралуу маалыматтар ага киргизилген датага ылайык ырааттуу түрдө жүргүзүлөт.
7. ӨМИ объекти жөнүндө маалыматтарга өзгөртүүлөр киргизилген учурда реестрге киргизилген ӨМИ объектинин каттоо номери өзгөртүлбөйт.
8. ӨМИ объекти реестрден чыгарылган учурда мындай объектке мурда ыйгарылган каттоо номери андан ары колдонулбайт.
Реестрдеги маалыматтар киберкоопсуздукту камсыздоо же санариптештирүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, жүргүзүү же ишке ашыруу боюнча функцияларды аткарган мамлекеттик органдарга же юридикалык жактарга берилиши мүмкүн.
9. Реестрде камтылган жыйынды маалыматтар ачык жайылтылууга тийиш эмес.
10. Реестрди түзүүнүн жана жүргүзүүнүн жүрүшүндө киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан төмөнкүлөр камсыздалууга тийиш:
- реестрде камтылган маалыматтын киберкоопсуздугу;
- ӨМИ объекттери жана субъекттери жөнүндө реестрде камтылган маалыматтарды актуалдуу абалда кармоо;
- ӨМИ объекттери жана субъекттери жөнүндө реестрде камтылган маалыматтардын киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ӨМИ киберкоопсуздугун камсыздоо жаатында ага берилген ыйгарым укуктун алкагында гана колдонулушу;
- ӨМИ объекттери жана субъекттери жөнүндө маалыматтардын толуктугу.
11. Реестрге киргизилген маалыматтардын сакталышын камсыздоо максатында киберкоопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган реестрдин резервдик көчүрмөсүн камсыз кылат.