Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-июлу № 439
Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин реестрин жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздугу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесин ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын өзгөчө маанилүү маалыматтык инфратүзүм объекттеринин реестрин жүргүзүү тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 25 июлундагы № 55 (3711) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |