Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2025-жылдын 15-июлу № 412

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментин түзүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин  2025-жылдын 5-сентябры № 566 токтомунун редакцияларына ылайык)

Инженердик изилдөөлөр чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салууну, координациялоону жана контролдоону камсыз кылуу, ошондой эле долбоорлонуп жана курулуп жаткан объекттердин аныктыгын, ишенимдүүлүгүн жана коопсуздугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаменти жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-сентябры № 566 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 18-июлундагы № 53 (3709) жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.А. Касымалиев