Загрузка документа…
Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 25-июнундагы № 38 токтомуна тиркеме
"Таза асман - 2030" КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Учурдагы кырдаалды баалоо
Бүгүнкү күндө шаардык чөйрөнүн тышкы көрүнүшүн олуттуу бузуп жаткан көп сандагы аба байланыш линиялары Бишкек шаары үчүн көйгөй жаратууда. Көптөгөн өткөргүч линияларынын визуалдык иретсиздиги шаардын архитектуралык келбетин бузат жана башаламан көрүнүш жаратат. Мындан тышкары, кабелдик инфратүзүмдү пландаштырууга жана орнотууга борборлоштурулган мамиленин жоктугу, техникалык кыйынчылыктарга, техникалык тейлөө наркынын жогору болушуна жана заманбап телекоммуникациялык тутумдарды өнүктүрүүдөгү чектелүүгө алып келет.
Учурдагы кабелдик инфратүзүмдүн басымдуу бөлүгү 1991-жылга чейин курулган, андан кийин жер астындагы кабелдик тармактарды өнүктүрүү каржылоонун жоктугуна байланыштуу дээрлик токтоп калган. Натыйжада, шаардын көптөгөн көчөлөрүндө жер астындагы магистралдык байланыш тармактары жок, бул операторлорду аба линияларын колдонууга мажбурлап, шаар чөйрөсүнүн тышкы көрүнүшүн начарлатат. Азыркы учурда Бишкек шаарында 573641 метр узундуктагы кабелдик канализация бар, бирок анын ресурстары натыйжасыз пайдаланылууда, ал эми тармактардын кыйла бөлүгү модернизациялоого муктаж. Негизги кабелдик магистралдар 1991-жылга чейин курулган жана учурдагы санариптик инфратүзүмдүн талаптарына жооп бербейт.
Түзүлгөн кырдаал интернет-провайдерлердин тармактарын бул максат үчүн арналбаган тышкы жарыктандыруунун таянычтарына жана башка конструкцияларга жайгаштырууга алып келди. Бул шаардын көркүн бузуп гана тим болбостон, техникалык көйгөйлөрдү жаратат, санариптик инфратүзүмдү техникалык тейлөөгө кеткен чыгымдарды көбөйтөт жана аны туруктуу өнүктүрүүгө тоскоол болот.
Бүгүнкү күндө төмөнкү 12 интернет-провайдер "Бишкексвет" жана "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканаларынан муниципалдык таянычтарды ижарага алышат:
"Акнет" ЖЧКсы;
"Мега-Лайн" ЖЧКсы;
"Нур Телеком" ЖЧКсы;
"Сайма Телеком" ЖЧКсы;
"ФастНет" ЖЧКсы;
"ЭлКат" ЖЧКсы;
"Экстра Лайн" ЖЧКсы;
"Альфа Телеком" ЖАК;
"Вега Оперейтинг Компани" ЖЧКсы;
"Информ Коммуникейшнс" ЖЧКсы;
"Скай Мобайл" ЖЧКсы;
"ДАН" ТК ЖАК.
Муниципалдык таянычтарды ижарага алуу боюнча интернет-провайдерлер менен 30 келишим түзүлгөн. Таянычтагы 1 орун үчүн ижаранын орточо баасы 100 сомду түзөт.
2-глава. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Бишкек кабелдик инфратүзүмдү модернизациялоо багытында аракеттерди жаңы гана баштады.
Бирок, жер астындагы була-оптикалык байланыш линиясынын (БОБЛ) желелерин куруу процессин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, техникалык талаптардын стандарттары жок. Мындан тышкары, жер астындагы чечимдерди киргизүү наркы жогору болгон учурда, каржылоо ресурсунун чектелгендиги, шаардын айрым аймактарында зарыл болгон жер астындагы инфратүзүмдүн жоктугу сыяктуу бир нече кыйынчылыктар бар.
Бул көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүү үчүн жер астындагы тармактарды долбоорлоого, курууга жана эксплуатациялоого карата так талаптарды койгон ченемдик укуктук базаны түзүү зарыл. Мындай долбоорлорду колдоо үчүн каржылоо механизмдерин иштеп чыгуу да орчундуу мааниге ээ. Жаңы системалардын коопсуздугун жана узакка чейин туруусун камсыз кыла турган техникалык стандарттарды киргизүү маанилүү болуп саналат.
Мындан тышкары, шаардагы жер астындагы инфратүзүмдүн учурдагы абалын баалоо жүргүзүү жана көйгөйлүү участокторду жакшыртуу же модернизациялоо боюнча пландарды иштеп чыгуу зарыл.
3-глава. жана Бишкек шаарынын мэрине (А.Дж.Джунушалиев) жүктөлсүн.
3-глава. Максаттар
"Таза асман - 2030" концепциясынын негизги максаты - Бишкек шаарынын тышкы көрүнүшүн бузган аба байланыш линияларын жоюу жана аларды жер астындагы заманбап инфратүзүмгө алмаштыруу болуп саналат. Бул эстетикалык жагымдуу шаардык чөйрөнү түзүүгө, интернет-кызмат көрсөтүүлөрдүн жогорку сапатын жана ишенимдүүлүгүн камсыздоого, шаардык инфратүзүмдү санариптештирүүгө жана туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 5-апрелиндеги Жарлыгы № 90 ПЖ менен бекитилген 2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясы тарабынан санариптик инфратүзүмдү түзүү каралгандыгын белгилей кетүү керек.
Санариптик инфратүзүм Кыргыз Республикасында санариптештирүүнү өнүктүрүүнүн негизин түзөт, ансыз башка стратегиялык багыттар ишке ашырылышы мүмкүн эмес. Ушуга байланыштуу жалпы Кыргыз Республикасында санариптештирүү максаттарына жетүү үчүн Бишкек шаарында санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүүнү камсыздоо зарыл.
Ошондой эле, Бишкек шаарында кабелдик канализациялык тармактардын каражаттары боюнча капиталдык объекттерди курууда телекоммуникациялык инфратүзүмдөр үчүн ыңгайлуу жолдорду салууну, телекоммуникациялык жабдууларды жайгаштыруу үчүн техникалык жайларды кароону, канализациялык инфратүзүмдү биргелешип пайдаланууну милдеттүү талаптарга киргизүү зарыл.