Загрузка документа…
|
| КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-августундагы № 465 токтомуна тиркеме
|
Кызматкердин эмгектик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартиби жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо кызматкерлердин (же алардын мураскорлорунун) эмгектик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартибин белгилейт. Жобо уюмдун бардык кызматкерлерине алардын кызмат ордуна жана иш стажына карабастан жайылтылат.
2. Бир жолку жөлөкпул төмөнкүдөй учурларда төлөнөт:
1) эмгектик милдеттерин аткаруу процессинде алган мертинүүнүн же кесиптик ооруга чалдыгуунун натыйжасында кызматкер майып болгондо;
2) эмгектик милдеттерин аткарууга байланыштуу, жабырлануучу (багуучусу) каза болгондо.
3. Бир жолку жөлөкпул Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 218-беренесинде белгиленген албай калган эмгек акынын ордун толтуруудан, зыяндын ордун толтуруунун кошумча түрлөрүнөн тышкары төлөнөт.
4. Жабырлануучуга келтирилген зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү ага белгиленген кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасына жараша аныкталат, ал Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары – МСЭК) корутундусунун негизинде аныкталат.
2-глава. Бир жолку жөлөкпулдун өлчөмүн жана каржылоо булагын аныктоо
5. Бир жолку жөлөкпул эмгекке жарамдуулугун жоготкондугун жана майыптыгын эске алуу менен дайындалат:
– III топтогу майыптыгы бар болгондо – Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары – УСК) тарабынан белгиленген орточо айлык эмгек акыдан эсептелген орточо жылдык үч эмгек акынын өлчөмүндө;
– II топтогу майыптыгы бар болгондо – УСК тарабынан белгиленген орточо айлык эмгек акыдан эсептелген орточо жылдык беш эмгек акынын өлчөмүндө;
– I топтогу майыптыгы бар болгондо – УСК тарабынан белгиленген орточо айлык эмгек акыдан эсептелген орточо жылдык жети эмгек акынын өлчөмүндө.
6. Багуучусу каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдарга УСК тарабынан белгиленген орточо айлык эмгек акыдан эсептелген орточо жылдык он эки эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.
7. Бир жолку жөлөкпулдун өлчөмүн аныктоо үчүн орточо айлык эмгек акынын өлчөмү кырсык болгон учурга карата колдонулган УСКнын расмий маалыматтарынын негизинде белгиленет.
8. “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды кошпогондо, бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери үчүн, анын ичинде өзүн-өзү каржылоо принциптери боюнча чарбалык ишти жүзөгө ашыруучу мамлекеттик жана муниципалдык ишканалар, мекемелер үчүн бир жолку жөлөкпул төмөнкүдөй өлчөмдөрдө дайындалат:
– III топтогу майыптыгы бар болгондо – беш жүз миң (500 000) сом өлчөмүндө;
– II топтогу майыптыгы бар болгондо – бир миллион (1 000 000) сом өлчөмүндө;
– I топтогу майыптыгы бар болгондо – бир миллион беш жүз миң (1 500 000) сом өлчөмүндө.
9. Багуучусу каза болгондугуна байланыштуу зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдарга эки миллион (2 000 000) сом өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул төлөнөт.
10. Жабырлануучу (багуучу) каза болгон учурда зыяндын ордун толтурууга Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 221-беренесинде аныкталган адамдар укуктуу.
11. Бир жолку жөлөкпул иш берүүчүнүн жеке каражаттарынын эсебинен төлөнөт.
3-глава. Бир жолку жөлөкпулдардын суммаларын төлөөнүн тартиби жана мөөнөттөрү
12. Бир жолку жөлөкпулду төлөө жабырлануучу каза болгон же жаракат алган учурга чейин иштеген уюмда, ишканада, мекемеде жүргүзүлөт.
13. Уюм кайра уюштурулган же жоюлган учурда бир жолку жөлөкпулду төлөө анын укук мураскору же уюм карамагында турган жогорку орган тарабынан жүргүзүлөт.
14. Бир жолку жөлөкпулду төлөө жөнүндө чечим жабырлануучунун иштеген жери боюнча Өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсык жөнүндө актынын (Н-1 формасы) негизинде аныкталат жана буйрук менен таризделет.
15. Иш берүүчү төлөө жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин 10 жумуш күндөн кечиктирбестен бир жолку жөлөкпулду банктык эсепке которуу жолу же болбосо накталай төлөп берүүгө тийиш.
4-глава. Жөлөкпул төлөөгө арыздарды берүүнүн жана кароонун тартиби
16. Бир жолку жөлөкпул алуу үчүн кызматкер/арыз берүүчү (же анын мураскорлору) жабырлануучу иштеген уюмга жаракаттын же өлүмдүн келип чыгышынын себебин жана жагдайларын көрсөтүү менен жазуу жүзүндө арыз берет.
Арызга төмөнкүдөй документтер тиркелет:
– жабырлануучунун кесиптик эмгекке жарамдуулугун жоготуу даражасы жөнүндө МСЭКтин корутундусу;
– жабырлануучунун медициналык, социалдык жана кесиптик реабилитацияга муктаждыгы жөнүндө МСЭКтин же дарылоо-профилактикалык мекеменин корутундусу;
– өлгөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
– өлгөн адамдын багуусунда болгон адамдарды көрсөтүү менен анын үй-бүлөсүнүн курамы жөнүндө маалымкат;
– балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүнүн көчүрмөсү;
– каза болгон адамдын үй-бүлө мүчөсү иштебегендиги жана анын балдарын, неберелерин, ага-инилерин жана эже-сиңдилерин багып жаткандыгы жөнүндө маалымкат;
– 18ден 23кө чейинки курактагы зыяндын ордун толтурууга укугу бар адамдар күндүзгү билим берүү уюмдарында окуп жаткандыгы жөнүндө маалымкат;
– жабырлануучунун каза болгон күнүнө карата анын багуусунда болууга укугу бар эмгекке жарамсыз адамдар жөнүндө маалымкат.
17. Иш берүүчү бир жолку жөлөкпулду төлөөгө арыз берилгенден кийин 10 жумуш күндүн ичинде кароого жана тиешелүү чечим кабыл алууга милдеттүү.
Объективдүү себептер (ден соолугунун абалы, зарыл документтердин жоктугу), ошондой эле кошумча текшерүүлөр жана экспертизалар зарыл болгон учурда кароо мөөнөтү 30 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө узартылышы мүмкүн.
18. Чечим иш берүүчүнүн буйругу (тескемеси, токтому) менен бир жолку жөлөкпул белгиленип жаткан адамдардын фамилиясын, атын, атасынын атын, үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө жөлөкпулдун өлчөмүн жана төлөө мөөнөтүн көрсөтүү менен таризделет. Иш берүүчүнүн зыяндын ордун толтуруу жөнүндө буйругунун (тескемесинин, токтомунун) бир нускасы же жүйөлүү жазуу жүзүндөгү баш тартуу берилген күндөн тартып он күндүк мөөнөттө кызыкдар жактарга тапшырылат.
19. Арызды кароону кечиктирүү зыяндын ордун толтуруудан баш тартуу катары каралат.
5-глава. Бир жолку жөлөкпул өз убагында төлөнбөй калган учурда арыз берүүчүгө маалымдоо тартиби жана иш берүүчүнүн жоопкерчилиги
20. Бир жолку жөлөкпулду төлөө жөнүндө чечим кабыл алынган учурда иш берүүчү чечим кабыл алынган учурдан тартып 5 жумуш күндүн ичинде арыз ээсине кабыл алынган чечим жөнүндө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Кабарлоодо жөлөкпулдун өлчөмү, мөөнөтү жана төлөө тартиби тууралуу маалымат камтылууга тийиш.
21. Белгиленген мөөнөттө бир жолку жөлөкпул төлөнбөгөн учурда иш берүүчү кечиктирилген ар бир күн үчүн зыяндын ордун толтуруунун төлөнбөгөн суммасынан 0,15 пайыз өлчөмүндө туум төлөөгө милдеттүү.
22. Бир жолку жөлөкпул иш берүүчү тарабынан төлөнбөгөн учурда арыз ээси эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга же сотко кайрылууга укуктуу.
23. Бир жолку жөлөкпулду өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн иш берүүчү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.