Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 4-августу № 465
Кызматкердин эмгектик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартиби жөнүндө
жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 219-беренесине, “Эмгекти коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кызматкердин эмгектик милдеттерин аткаруусуна байланыштуу ага мертинүүнүн, кесиптик оорунун, ден соолугуна башка зыян келтирүүнүн натыйжасында ал майып болгон же каза болгон учурда бир жолку жөлөкпул төлөөнүн тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлери бөлүгүндө ишке ашыруу тиешелүү жылдарга бекитилген республикалык бюджеттин алкагында жүргүзүлөт деп белгиленсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2025-жылдын 28-январынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-августунда № 60 (3716) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |