Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-августундагы № 473
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөдө республикалык бюджетке жүктөмдү азайтуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 58, 60-беренелерине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын жеңилдетүү эсеби менен иштөө жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 12-августунда № 60 (3716) жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |