Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 26-майындагы № 280 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын аймагында аары өстүрүү жана аарычылыкты уюштуруу эрежелери
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын аймагында аарыларды өстүрүү жана аарычылыкты уюштуруу эрежелери (мындан ары - ушул Эрежелер) аарычылык чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашыруунун укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык негиздерин белгилейт жана юридикалык жактардын, жеке ишкерлердин жана жарандардын бал аарыларын өстүрүүнүн жана кармоонун шарттарына карата ишин жөнгө салат.
2. Ушул Эрежелер аары бүлөлөрүн жана өндүрүлгөн продукцияны коргоого жана көбөйтүүгө, энтомофилдик өсүмдүктөрдү чаңдаштырууда бал аарыларын натыйжалуу пайдаланууга багытталган.
3. Ушул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
1) аарычылык - продукция өндүрүү жана энтомофилдик өсүмдүктөрдү чаңдаштыруу үчүн бал аарыларын өстүрүүгө, кармоого жана пайдаланууга багытталган айыл чарба өндүрүшүнүн тармагы;
2) аары бүлөсү - жумушчу аарылардан, эркек аарылардан жана эне аарыдан турган биологиялык бирдик;
3) эне аары - көбөйүүгө жөндөмдүү болгон жана жаңы аары бүлөлөрүнүн көбөйүшүн камсыз кылуучу ургаачы аары;
4) аары мому - сотолорду куруу жана сотолордун уячаларын жабуу үчүн жумушчу аарылар бөлүп чыгарган органикалык заттардын аралашмасы;
5) аары прополиси - өз бездеринин секрециялык иши аркылуу өсүмдүктөрдүн чайыр сымал бөлүп чыгарууларынан жумушчу аарылар өндүргөн азык;
6) аары сүтү - эне аарынын личинкаларын бардык өнүгүү этаптарында жана түздөн-түз эне аарынын өзүн азыктандыруу үчүн бал аарылары колдонуучу азык;
7) аары уусу - жумушчу аарылардын бездеринин секрециялык ишинен чыккан продукт;
8) бал челек - аарычылык ишин жүзөгө ашыруу максатында пайдаланылуучу жер участогунда жайгашкан, курулмалардын, анын ичинде уюктардын, жабдуулардын жана бал өндүрүү үчүн зарыл каражаттардын комплекси;
9) уюк - бир же бир нече аары бүлөлөрүн кармоо үчүн атайын жабдылган курулма;
10) аарычылык продукциясы - аары бүлөлөрүнүн жашоо-тиричилигинин натыйжасында бал челектерде өндүрүлгөн продукция (накта бал, бал мому, прополис, аары сүтү, аары уусу);
11) накта бал - жумушчу аарылардын жашоо-тиричилиги мезгилинде өсүмдүктөрдүн нектарынан же өсүмдүктөрдүн жандуу бөлүктөрү бөлүп чыгарган заттардан өндүрүлгөн табигый таттуу тамак-аш азыгы;
12) бал челектин ветеринардык паспорту - тармактын субъекти, аары бүлөлөрүнүн саны, бал челектер жайгашкан жерлердин санитардык жана эпизоотиялык бакубаттуулугу жөнүндө маалыматтарды, ветеринардык иш-чараларды жана аларды ишке ашыруу убактысы, аарычылык азыктары жана жана паспорт берүү эрежесинде белгиленген башка маалыматтарды камтыган документ;
13) энтомофилдик өсүмдүктөр - курт-кумурскалар чаңдаштыруучу өсүмдүктөр;
14) тешик - уюктагы аарылар кирип-чыгуучу тешик.
2-глава. Кыргыз Республикасынын аймагында аарыларды өстүрүү жана кармоо эрежелери
4. Аарыларды кармоо шарттарына карата талаптар:
1) аарылар жана бал челектер "Жаныбарларды жана жаныбарлардан алынган азыктарды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык эсепке алынууга жана идентификацияланууга тийиш;
2) аарыларды кармоо ар кандай түстөргө боелгон (көк, кызгылт сары, сары, жашыл) оң уюктарда жүргүзүлүшү керек, бал челекте жалпы санынын 10 пайызынан кем эмес резервдик уюктары жана уя рамкалары болуусу зарыл;
3) бал челектин аймагында уюктар, кыштоо жайы, аарычылык азыктарын иштетүү, уюк рамкаларын сактоо, бал жана гүл чаңы бар сотолорду, тараларды, аарычылык шаймандарын, ошондой эле дезинфекциялоочу каражаттарды сактоо үчүн жайлар же бал челек курулуштары жайгаштырылууга тийиш;
4) чарбага таандык уюктар номерленүүгө тийиш. Бал челектердин ортосундагы аралыктар ар бир аары бүлөсүнө эркин жетүүнү, механизация каражаттары колдонулган учурда - бул каражаттардын өтүшүн камсыз кылууга тийиш жана 3 метрден кем эмес болушу керек:
5) аарылары менен уюктар коңшу жер участокторунун чек араларынан балчынын участогунун ортосун карай учуу багыты менен 3 метрден кем эмес аралыкта же аларды коңшу жер участогунан бийиктиги эки метрден кем эмес туюк тосмо (жыш бадал, курулма) менен бөлгөн шартта аралыктары боюнча чектөөлөрсүз жайгаштырылууга тийиш;
6) Кыргыз Республикасынын аймагында аары бүлөлөрү бар уюктарды жайгаштыруу тартиби Кыргыз Республикасынын аарычылар палатасы менен макулдашуу менен айыл чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат;
7) уюктар бал аарыларын кармоонун зоотехникалык, ветеринардык-санитардык ченемдери жана эрежелери сакталган учурда пайдаланылган жер участокторуна жайгаштырылат;
8) мамлекеттик токой фондунун жерлеринде жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында уюктарды жайгаштыруу Кыргыз Республикасынын Токой кодексинде белгиленген талаптардын негизинде жүзөгө ашырылат;
9) аарычылык жаатындагы жеке жактар жана чарбалык иштин субъекттери төмөнкүлөргө милдеттүү:
- уюктарды адамдардын ден соолугу үчүн коопсуз жерге жайгаштырууга;
- көчмөн бал челектер жайгаштырылгандан кийин жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бал челектин ветеринардык паспортун берүүгө.
10) бал аарыларынын учуу жолунда бал чогултуу булактарында алдын ала жайгаштырылган көчмөн бал челектери үчүн орундарды тандоо;
11) бал челектердеги аары бүлөлөрүнүн уюктарынын саны чектелбейт;
12) аарыларды ташуу жабык жана бириктирилген уюктарда жүргүзүлөт;
13) бал челектерин, сото рамкаларын, аарычылык шаймандарын, жумушчу кийимин жана бут кийимин, тараны алдын ала дезинфекциялоосуз аарычылык азыктарын жайгаштыруу үчүн бир бал челектен экинчисине жайгаштырууга тыюу салынат.
5. Аарыларды азыктандырууга жана өстүрүүгө карата талаптар:
1) аарылардын бүлөлөрү кыштоо жайларынан тышкы температура +5 ºС төмөн эмес болгондо чыгарылат;
2) уюктун тешиги аарынын өлүктөрүнөн жана таштандылардан тазаланат, жылуулоочу материал жана донья кургак, таза, дезинфекцияланган материалдар менен алмаштырылат;
3) аары бүлөсүнө текшерүү жүргүзүлөт, алардын уюктардагы күчү, төлдөөсүнүн болушу жана саны аныкталат. Көгөргөн жана заң менен булганган аарылардын бош рамкалары алынып, төлү жана тоюту бар рамкалар тазаланат. Аары бүлөлөрү таза дезинфекцияланган уюктарга көчүрүлөт, оорунун белгилери жок алсыз бүлөлөр бириктирилет. Алсыз оорубаган аарылардын бүлөлөрүн ооругандар менен бириктирүүгө тыюу салынат. Мындай бүлөлөрдүн төлү, тоюту менен сотолор дени сак бүлөлөр үчүн пайдаланууга тыюу салынат. Бал челекте калган ооруган бүлөлөр дарыланат;
4) бал челекте таза жана туздуу суу куюлган идиштер орнотулат;
5) шире балы кант сиробуна алмаштырылат.
6. Аары бүлөлөрүн каттоо;
1) бал аарыларынын бүлөлөрүн поселоктордун жана айылдардын аймагында каттоону ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын бир жолу медициналык чогултуу булактарына жайгаштыруу алдында жүргүзөт;
2) бал челектерди каттоо ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аарычылык жаатындагы чарбалык иштин субъектинин арызынын негизинде жүргүзүлөт жана жыйынтыгы менен ветеринардык паспорт берилет;
3) жеке жактар жана тармактын чарбалык ишинин субъекттери бал челектин ветеринардык паспортун өз убагында алууга милдеттүү;
4) бал челектин ветеринардык паспортунун формасы жана аны берүү тартиби ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.
7. Аарылардын карантини боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга талаптар
1) чарбаларды комплекттөө үчүн клиникалык таза аары бүлөлөрүн өз алдынча көбөйтүүгө, ошондой эле ветеринардык коштоочу документтер болгондо, башка чарбалардан келген аары бүлөлөрүнө жол берилет;
2) алып келинүүчү аарылар, теги белгисиз уюктар башка бал челектерден 5 км кем эмес аралыкта обочолонгон бал челекке жайгаштырылат жана зарыл болгон ветеринардык-карантиндик иш-чараларды жүргүзүү максатында 30 календардык күндүн ичинде кармалат. Карантин мезгилинде ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ветеринардык-алдын алуу жана эпизоотияга каршы чаралардын планында каралган аарыларды клиникалык кароо, диагностикалык изилдөөлөр жана тазалоолор жүргүзүлөт.
8. Аарылардын милдеттүү алдын алуу иш-чараларына жана диагностикалык изилдөөлөргө талаптар:
1) чарбаларда кармалган аарылар Ветеринардык-алдын алуу жана эпизоотияга каршы иш-чаралардын планына ылайык аарылардын жугуштуу жана мите курт ооруларына каршы диагностикалык изилдөөлөрдөн жана тазалоолордон өтүүгө тийиш.
2) Аарылардын алдын алуу иш-чаралары жана диагностикалык изилдөөлөр "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүзөгө ашырылат;
3) аарылардын жугуштуу ооруларын козгогучтарды диагностикалоо максатында патологиялык материалдын сынамдарын алуу жүргүзүлөт, ал ветеринария чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкармасына изилдөөгө жиберилет. Аарылар бар уюкту кыштоо жайларынан алып чыгууда лабораторияга бал челектин аары бүлөлөрүнүн 10 пайызынан 50 өлгөн ары жөнөтүлөт;
4) аарыларга жүргүзүлүүчү алдын алуу иш-чаралары жана диагностикалык изилдөөлөр жөнүндө маалыматтар бал челектин тиешелүү эсепке алуу ветеринардык-санитардык документтерине киргизилет.