Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 5-августу № 670-т
Туруктуулук жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруунун натыйжалуу системасын түзүү жана ишке киргизүү, коомдук кызыкчылыктын субъекттеринин транспаренттүүлүгүн жана отчеттуулугун камсыз кылуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык милдеттенмелерин аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. 2025–2029-жылдарга туруктуу өнүктүрүүнү эсепке алуунун, отчеттуулуктун жана туруктуу өнүктүрүү жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруунун улуттук системасын бекемдөө боюнча жол картасы (мындан ары – Жол картасы) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Жол картасын ишке ашырууга тартылган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары:
1) белгиленген мөөнөттө Жол картасын аткаруу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн;
2) квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 5инен кечиктирбестен Жол картасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жалпылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги квартал сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен, Жол картасын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Жол картасынын иш-чаралары тиешелүү мамлекеттик органдардын республикалык бюджетте тиешелүү жылдарга каралган каражаттарынын эсебинен, ошондой эле эл аралык уюмдардын тартылган каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |