Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-августу № 481
2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасында
балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү
программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 22-июлундагы № 202 “Кыргыз Республикасынын агро өнөржай комплексин андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасы 1-тиркемеге ылайык;
2) 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы 2-тиркемеге ылайык;
3) 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасына мониторинг жүргүзүү жана баалоо индикаторлорунун (көрсөткүчтөрүнүн) матрицасы 3-тиркемеге ылайык;
4) 2025–2029-жылдарга Кыргыз Республикасында балык уулоочулукту жана аквакультураны өнүктүрүү программасынын ресурстук наркын баалоо 4-тиркемеге ылайык.
2. Министрликтер жана административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
1) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Иш-чаралар планын аткарууга кабыл алсын;
2) квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 10уна чейин ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине берсин;
3) бул токтомдон келип чыгуучу иш-чаралар кызыкдар министрликтер жана ведомстволор үчүн тиешелүү жылдарга бекитилген каражаттардын эсебинен, ошондой эле мамлекеттик инвестицияларды тартуу менен ишке ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги квартал сайын отчеттук мезгилден кийинки айдын 15ине чейин ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.