Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 19-августу № 503
Мамлекеттик мүлктү башкаруу маселелери боюнча
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү административдик жол-жоболорду оптималдаштыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-сентябрындагы № 624 “Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик мүлктү андан ары сатып алуу менен башкарууга берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө жободо:
– 21-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
“Документтер электрондук почта же башка байланыш каражаттары аркылуу санариптик форматта, анын ичинде башка мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан мындай документтерди алуу мүмкүнчүлүгү болсо, “Түндүк” электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу берилиши мүмкүн. Санариптик жана санариптештирилген документтерди берүү тартиби мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү жана башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.”;
– жогоруда аталган Жобонун 1-тиркемесинде:
1-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– уюштуруу документтеринин белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;”;
сегизинчи абзацтагы “нотариус күбөлөндүргөн” деген сөздөр алып салынсын;
2-пункттун үчүнчү абзацындагы “нотариус күбөлөндүргөн” деген сөздөр алып салынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 26-мартындагы № 168 “Мамлекеттик менчикти менчиктештирүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикти конкурска коюп сатуу ыкмасы менен менчиктештирүү жөнүндө жободо: